Акыркы макалалар

Ошто кырк үч гана согуш ардагери калды

Расмий маалыматтарга караганда, 1941-жылы Ош шаарынан 15 миң жоокер душмандын мизин кайтарууга жөнөп кеткен. Алардын ичинен көпчүлүгү кан майданда курман болуп, кайтып келгендердин бүгүнкү күндө 43үнүн гана көзү тирүү, эң жашы, 90 жашта.

Былтыр эле Улуу Жеништин 67 жылдыгын 59 ардагер тоскон болчу. Жылдан жылга катары азайып бараткан ардагерлерди камкордукка алуу максатында Ош шаардык бийлиги ар бир ардагердин үйүнүн дарбазасына «Улуу Ата Мекендик согуштун ардагери» деген жазуусу бар тактайчаларды илди. Бул тууралуу Ош шаарынын вице-мэри Дастан Ходжаев маалымдайт. Негизги максат - калаалыктар кайсы үйдө бизге ушундай тынч заманды орнотуп берген инсандар жашаарын билсин дешет уюштуруучулар. Андан сырткары ар бир мекемеге согуш ардагерлери бөлүнүп берилип, алар карыялардын үйүнө барып, кабар алып материалдык жардамдарын көрсөтмөкчү. Ал эми негизги майрам 9-майда Ош шаарынын борбордук аянтында өтөт. Анда майрам адаттагыдай эле театрлаштырылган оюн-зоок менен коштолуп, соңунда ардагерлерге парктын ичинде чатырлар тигилип, жоокерлердин боткосу берилмекчи.

ЗЫЙНАТ ИБРАЙИМОВА, ОШ

26/04/2013, №16

Бир гана сайтта катталгандар пикирлерин жаза алат. Эгер катталган болсоңуз, анда аккаунтуңузга кириңиз.
катталгандар гана колдонуучулар "ЖМКларга даттанууларды териштирүү комиссиясына" арыздана алат. Эгер сиздин аккаунтуңуз бар болсо, анда кириңиз.

Азырынча бир да пикир жок...