Акыркы макалалар

Маалыматтык саясат концепциясынын долбоору иштелип чыгат

2016-жылдын 27-январында Кыргыз Республикасынын Президентинин Аппаратынын Жетекчиси Кыргыз Республикасынын Маалыматтык саясат концепциясынын долбоорун иштеп чыгуу боюнча эксперттик жумушчу топ түзүү жөнүндө буйрукка кол койду.

Эксперттик жумушчу топко 2016-жылдын 1-июнуна чейин Кыргыз Республикасынын Маалыматтык саясат концепциясынын долбоорун иштеп чыгуу жана Кыргыз Республикасынын Президентинин Аппаратынын кароосуна белгиленген тартипте киргизүү тапшырылды. Анда сөз эркиндигинин принциптеринин бузулбастыгын жана маалыматтык коопсуздуктун талаптарын сактоону эсепке алуу менен улуттук маалымат мейкиндигин өнүктүрүү боюнча иштин негизги багыттарын, ошондой эле азыркы шарттарда маалыматты жыйноонун, чыгаруунун жана жыйылтуунун маселелеринин бардык чөйрөсү камтылат.

Эксперттик жумушчу топтун курамына жарандык коомдун, ошондой эле мамлекеттик органдардын жана жалпыга маалымдоо каражаттарынын өкүлдөрү кирди.

Кыргыз Республикасынын Президентинин Аппаратынын маалыматтык саясат бөлүмү

Түп нускага шилтеме : maralfm.kg

Бир гана сайтта катталгандар пикирлерин жаза алат. Эгер катталган болсоңуз, анда аккаунтуңузга кириңиз.
катталгандар гана колдонуучулар "ЖМКларга даттанууларды териштирүү комиссиясына" арыздана алат. Эгер сиздин аккаунтуңуз бар болсо, анда кириңиз.

Азырынча бир да пикир жок...