Акыркы макалалар

Ош облусунда ымыркай кызын 15 миң сомго саткан аял колго түшүрүлдү

Ош облусунда ымыркай кызын 15 миң сомго саткан аял колго түшүрүлдү. Бул тууралуу КирТАГга ИИМ басма сөз кызматы шейшемби күнү билдирди.

«Ош облусунун уюшкан кылмыштуулук менен күрөшүү боюнча башкармалыгынын кызматкерлери өз кызын саткан 27 жаштагы А. Ш. кармашты. Ыкчам-иликтөө иш чараларынын жүрүшүндө белгилүү болгондой, өткөн жылдын 19-декабрында ал кыз төрөгөн жана 22-декабрда ымыркай кызын Ош облусунда туулган, учурда Орусиянын 36 жаштагы жаранына саткан, ал документтерди жасалмалап, кызга туулгандыгы тууралуу күбөлүк алган», - деди басма сөз кызматынан.

Бул факт боюнча, КР КК 124 (Адам сатуу) жана 350 (документтерди жасалмалоо) беренелери менен кылмыш иши козголгон.

Учурда ыкчам-тергөө амалдары жүргүзүлүүдө.

Түп нускага шилтеме : kyrtag.kg

Бир гана сайтта катталгандар пикирлерин жаза алат. Эгер катталган болсоңуз, анда аккаунтуңузга кириңиз.
катталгандар гана колдонуучулар "ЖМКларга даттанууларды териштирүү комиссиясына" арыздана алат. Эгер сиздин аккаунтуңуз бар болсо, анда кириңиз.

Азырынча бир да пикир жок...