Акыркы макалалар

Кыргызстанда 1916-жылдагы Орто Азия көтөрүлүшү жөнүндө «Үркүн» тасмасы тартылат

Кыргызстанда 1916-жылдагы Орто Азия көтөрүлүшү жөнүндө «Үркүн» тасмасы тартылат

28-январда 1916-жылдагы Орто Азия көтөрүлүшү жөнүндө «Үркүн» тасмасы тартыла баштайт. Бул тууралуу маалымат жыйынында тасманнын башкы продюсери, сценаристи жана режиссеру Мухтар Атаналиев билдирди.

«Белгилүү болгондой, 2016-жыл «тарых жана маданият» жылы болуп жарыяланган. «Саякбай Манасчы» коомдук фонду жана «Куткелди» студиясы биргелешип «Үркүн» тасмасын тартуу чечимине келди. Тасмада Кытайга репрессияланган бир үй-бүлөнүн тарыхы баяндалат. Съемканы 28-январда баштоону пландап жатабыз. Фильмдин болжолдуу бюджети 17,5 млн сом», - деди М. Атаналиев.

Анын айтымында, фильм тартуу идеясы 3 жыл мурда жаралган. Бул тарыхый-көркөм тасма. Үстүбүздөгү жылдын сентябрь айынын орто ченинде элге сунуштоо пландалууда. Тасма 1 саат 45 мүнөткө созулат.

«Биз, тасмада саясий себеп жок экендигин белгилеп кеткибиз келет. Тасманы тартуу алдында биз тарыхчыларга, журналисттерге жана өкмөткө кайрылганбыз. Фильмде көтөрүлгөн тема абдан курч, бирок биз тарта турган тасма сасий мүнөздө эмес. Тасманын максаты – жаш муунга биздин ата-бабаларыбыз кандай гана кыйынчылыктарды баштан кечиргендигин көрсөтүү», - деп түшүндүрдү режиссер.

Түп нускага шилтеме : kyrtag.kg

Бир гана сайтта катталгандар пикирлерин жаза алат. Эгер катталган болсоңуз, анда аккаунтуңузга кириңиз.
катталгандар гана колдонуучулар "ЖМКларга даттанууларды териштирүү комиссиясына" арыздана алат. Эгер сиздин аккаунтуңуз бар болсо, анда кириңиз.

Азырынча бир да пикир жок...