Акыркы макалалар

Кыргызстан менен Ооганстандын ТИМдери жолугушту

Кыргызстан менен Ооганстандын ТИМдери жолугушту

Өткөн жуманын аягында Алматы шаарында «Азия жүрөктөрү» аттуу Тышкы иштер министрлеринин конференциясы болуп өттү. Конференцияда Ооганстандагы саясий коопсуздук жана экономикалык - социалдык абалын өнүктүрүүдөгү көйгөйлүү маселелерди талкуулашты. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлигинин маалымат кызматынан Турдакун Сыдыков билдирди. Анын айтымында, Ооганстандын ТИМ Залмай Расул менен КРнын ТИМ Эрлан Абдылдаев жолугушту.

Жолугушуунун алкагында эки тараптуу кыргыз - ооган кызматташтыгын өнүктүрүү маселеси талкууланды. З.Расул жакынкы мезгилде Кыргызстандын Кабул шаарында элчилиги ачылышын колдой тургандыгын жана анын Ооганстанда иштешине ийгилик кааларын билдирди.

Мындан тышкары, өзгөчө көңүл Лагор провинциясында талибдер тарабынан барымтага алынган Кыргызстандын жараны Нургазы Конушбековду бошотууга бурулду. Ооган тарап барымтага алынгандарды, анын ичинде Кыргызстандын жаранын бошотууга баардык аракетин жасай тургандыгын билдирди.

Бул материалды кененирээк аудио форматында http://www.maralfm.kg сайтынан уга аласыздар

Түп нускага шилтеме : www.maralfm.kg

Бир гана сайтта катталгандар пикирлерин жаза алат. Эгер катталган болсоңуз, анда аккаунтуңузга кириңиз.
катталгандар гана колдонуучулар "ЖМКларга даттанууларды териштирүү комиссиясына" арыздана алат. Эгер сиздин аккаунтуңуз бар болсо, анда кириңиз.

Азырынча бир да пикир жок...