Акыркы макалалар

Панкратов: Сомдун азыркы курсу кыргыз бизнесине артыкчылык берет

Панкратов: Сомдун азыркы курсу кыргыз бизнесине артыкчылык берет

Өткөн жылы сомдун курсу 30 пайызга чейин төмөндөдү жана учурда Кыргызстандын улуттук валютасы долларга карата 76 сом деңгээлинде кармалып турат. Айрымдары бул өтө эле көп деп эсептешсе, кээ бирлери абдан эле аз- сомду теңге менен рублдин артынан девальвациялоо керек дешүүдө. Негизинен бул пикирди бизнес өкүлдөрү айтып жатышат. Мындай учурда өндүрүлгөн продукциянын баасы арзандайт, демек анын башка базарлардагы атаандаштыгы дагы төмөндөйт.

"Албетте бизнес үчүн продукциянын өндүрүлгөн наркы төмөн болсо ошончолук жакшы. Ал экспорт үчүн канчалык арзан болсо, башка базарларда атаандаштыгы дагы жакшы болот. Бирок валютанын курсунун төмөндөшү катардагы жарандын турмуш деңгээлине таасир берет, ошондуктан бул жерде тең салмактуулук сакталышы керек".-деп билдирди вице-премьер-министр Олег Панкратов.

Евразиялык экономикалык биримдиктин базарында Кыргызстандын негизи атаандашы Кытай болуп эсептелет жана Панкратовдун айтымында, учурда ал утулуп жатат. Юань бир нече пайызга арзандады жана кыргызстандык өндүрүшчүлөр пайдалуу шарттарга туш болушту.

Ал эми айыл чарба азыктарын токтолгон вице-премьер бул тармакта республика ЕАЭБдин базарын ээлеп алууга баардык негиздер бар деп эсептейт. Анын айтымында, сомдун азыркы курсу боюнча кандай гана продукция болбосун Кыргызстанда арзан болмокчу, анткени айлык акы аз, ижара жана салыктын баасы төмөн.

"Ошол эле маалда улуттук валютанын мындан аркы төмөндөшү калктын жашоо деңгээлине абдан тескери таасирин берет",-деп кошумчалады Панкратов.

Түп нускага шилтеме : www.vb.kg

Бир гана сайтта катталгандар пикирлерин жаза алат. Эгер катталган болсоңуз, анда аккаунтуңузга кириңиз.
катталгандар гана колдонуучулар "ЖМКларга даттанууларды териштирүү комиссиясына" арыздана алат. Эгер сиздин аккаунтуңуз бар болсо, анда кириңиз.

Азырынча бир да пикир жок...