Акыркы макалалар

Жаңы конуштардын окуучулары үчүн сонун мүмкүнчүлүк түзүлдү

25 - апрелде Кыргыз улуттук консерваториясынын концерттик чоң залында Бишкектеги жаңы конуштардын окуучулары үчүн “Музыка менен бирге” аталыштагы лекция - концерти өттү. Концерттин алып баруучусу, уюштуруучуларынын бири, улуттук консерваториянын проректору Екатерина Лузанованын айтымында, негизги максат өспүрүмдөрдүн маданий деңгээлин жогорулатууга, классикалык музыка тармагындагы дүйнө таануусун кеңейтүүгө багытталган.

«Музыка менен бирге» аталыштагы концерт былтыр жазында “Роза Отунбаеванын демилгеси” коомдук фонду тарабынан негизделген. Бүгүн “Күмүш кернейлер” деген 10 - лекция - концерти жаш угуучуларды үйлөмө жана урма аспаптардагы К.Молдобасановдун, П.Чайковскийдин, К.Сен-Сансдын, А.Хачатуряндын, Г.Свиридовдун чыгармалары жана аспаптардын түрлөрү менен тааныштырат.

Башкы максатыбыз шаардын четиндеги, маданий иш - чаралардан алыс же келе албай жүргөн өспүрүмдөрдүн маданиятын жогорулатууга, классикалык музыка тармагындагы дүйнө таануусун кеңейтүүгө багытталган», - дейт Лузанова.

Классикалык чыгарма идеялык - көркөмдүк дараметинин бийиктиги менен мезгилдин чегин билбей, адам баласына бийик эстетикалык таасир берип, дайыма рухий зарылдык деңгээлинен түшпөгөн чыгарма.

Бул материалды кененирээк аудио форматында http://www.maralfm.kg сайтынан уга аласыздар

Түп нускага шилтеме : www.maralfm.kg

Бир гана сайтта катталгандар пикирлерин жаза алат. Эгер катталган болсоңуз, анда аккаунтуңузга кириңиз.
катталгандар гана колдонуучулар "ЖМКларга даттанууларды териштирүү комиссиясына" арыздана алат. Эгер сиздин аккаунтуңуз бар болсо, анда кириңиз.

Азырынча бир да пикир жок...