Акыркы макалалар

Спортчу Руслан Түмөнбаевге байланыштуу чырлуу тасма иликтенүүдө

Олимп оюндарынын грек-рим күрөшү боюнча коло байгесинин ээси Руслан Түмөнбаев Жол кайгуул кызматынын өкүлдөрү менен мушташканы жазылган тасма иликтенип жатат. Бул тууралуу Бишкек шаардык Ички иштер башкармалыгынын басма сөз катчысы Айгүл Давлетбаева “Азаттыкка” билдирди. Милиция бул боюнча 22-январда расмий билдирүү жасайт.

Спортчунун Жол кайгуул кызматкерине күч колдонгону тууралуу видеонун кыскача бөлүгү 21-январда интернетке чыккан.

Руслан Түмөнбаев 2008-жылы Бээжинде өткөн жайкы Олимп оюндарында грек-рим күрөшүнөн коло медаль тагынган. Учурда Жаштар иштери, Дене тарбия жана спорт боюнча мамлекеттик агенттиктин алдындагы Спорттун олимпиадалык түрлөрү боюнча дирекциясында директордун орун басары болуп эмгектенет.

Түп нускага шилтеме : www.azattyk.kg

Бир гана сайтта катталгандар пикирлерин жаза алат. Эгер катталган болсоңуз, анда аккаунтуңузга кириңиз.
катталгандар гана колдонуучулар "ЖМКларга даттанууларды териштирүү комиссиясына" арыздана алат. Эгер сиздин аккаунтуңуз бар болсо, анда кириңиз.

Азырынча бир да пикир жок...