Акыркы макалалар

Айыл чарба министрлиги: “Кыргызстандын экспортунун 12%ын айыл чарба продукциялары түзөт”

Айыл чарба министрлиги: “Кыргызстандын экспортунун 12%ын айыл чарба продукциялары түзөт”

Кыргызстандын жалпы экспортунун 12%га жакынын өлкөбүздүн дыйкандары менен фермерлери өндүргөн айыл жана мал чарба продукциялары түзөт. Мисалы, 2015-жылдын 11 айынын жыйынтыгы боюнча жалпысынан 9 млрд. 693 млн. сомдук жашылча-жемиш, эт, сүт жана башка айыл жана мал чарба азыктары чет өлкөлөргө экспорттолгон. Бул өлкөбүздүн жалпы экспортунун 11,7%ын түзөт. Ошондой эле, фермерлер менен дыйкандардын ишине бир топ колдоо болууда. Мындай маалыматты “Кабар” агенттигине КРнын айыл чарба жана мелиорация министрлигинин азык-түлүк коопсуздугу боюнча башкармалыгынын жетекчиси Асылбек Жумабеков билдирди.

“2015-жылдын 11 айынын жыйынтыгы боюнча республикабыздын фермерлери менен дыйкандары тарабынан өндүрүлгөн 9 млрд. 693 млн. сомдук айыл жана мал чарба продукциялары чет өлкөлөргө экспорттолду. Бул өлкөбүздүн жалпы экспорттук көрсөткүчүнүн 11,7%ын түзөт. Негизинен бизде сыртка жашылча, жер-жемиш, картошка, эт, сүт азыктары экспорттолууда. Бирок, ветеринардык көзөмөл алынбагандыгына байланыштуу ЕАЭБ өлкөлөрүнө эт, сүт, бал азыктары, тирүүлөй мал толук экспорттолбой жатат. Быйыл пахтанын да баасы жогорулагандыктан, көп сатыла баштады. Ошондой эле, Түркияга төөбуурчак сатылат. Айыл жана мал чарба азыктарынын 80%ы Россия, Казакстан сыяктуу ЕАЭБге мүчө өлкөлөргө сатылууда. Эгер тиешелүү лабраториялар жана текшерүүчү жайлар курулуп бүтсө, Кыргызстандын эти, балы, сүтү жана башка мал чарба азыктары көп экспрттоло баштамакчы. Анткени, биздин азык-түлүктөр экологиялык жактан таза болгондуктан, дүйнөлүк рынокто суроо-талап жогору”,- деди ал.

Айрым маалымат каражаттары жергиликтүү дыйкандар менен фермерлер өндүргөн продукцияларын сыртка сата албай тургандыгын, Кыргызстандын айыл чарба азыктары экспорттолбогондуктан, баасы арзан болуп жаткандыгын жазышкан болчу.

Түп нускага шилтеме : kabar.kg

Бир гана сайтта катталгандар пикирлерин жаза алат. Эгер катталган болсоңуз, анда аккаунтуңузга кириңиз.
катталгандар гана колдонуучулар "ЖМКларга даттанууларды териштирүү комиссиясына" арыздана алат. Эгер сиздин аккаунтуңуз бар болсо, анда кириңиз.

Азырынча бир да пикир жок...