Акыркы макалалар

Экс-министр А.Жекшенкулов: “Кыргызстандын кара тизмеге киргендигинен пайдалансак болот”

Экс-министр А.Жекшенкулов: “Кыргызстандын кара тизмеге киргендигинен пайдалансак болот”

Дүйнөлүк геосаясат жактан да, коопсуздук жагынан да Америка, Россия, Кытай мамлекеттеринин ортосунда кандайдыр бир деңгээлде тирешүүлөр бар. Бул тууралуу оюн “Кабар” агенттигине КР мурдагы тышкы иштер министри Аликбек Жекшенкулов билдирди.

“Кыргызстандын АКШнын терроризм боюнча кара тизмесине кирүүсүнүн бир канча себеби бар. Тактап айтканда, Кыргызстан Ооганстанга географиялык жактан жакын жайгашкан. Ошондой эле, Ош облусунун Алай району аркылуу Тоолуу Бадахшанга чыгууга болот. Аралыгы 250 эле километр. Бул Тоолуу Бадахшан аймагындагы азыркы кырдаал дүйнөгө, анын ичинде Борбор Азия мамлекеттерине коркунучтуу болуп жатат. Аны менен бирге Кыргызстандын чек аралары такталып бүтө элек жана наркотрафик, курал жарактарды сатуу боюнча көп фактылар болууда. Бул факторлор улуттун коопсуздугуна терс таасирин тийгизип жатат”,- дейт А.Жекшенкулов.

“Ошондой эле, дүйнөлүк геосаясат жактан да, коопсуздук маселесинде да Америка, Россия, Кытай мамлекеттеринин ортосунда кандайдыр бир деңгээлде тирешүүлөр бар. Бул факторлор да таасир этиши мүмкүн. Кыргызстан ЖККУга жана Шанхай кызматташтык уюмуна мүчө. Бул уюмга кирген мамлекеттер терроризмге каршы биргеликте күрөшүүгө аракеттерди жасоодо. Бирок, ал да жетишээрлик эмес болуп жаткандыгын бийликтегилер, эксперттер айтып жатышат. Ушундан улам АКШ Кыргызстанды кара тизмеге киргизди окшойт. Биз бул жерден арданбашыбыз керек. Тескерисинче, Америка коопсуздук жагын көтөрүп жатса, биздин дипломаттар, элчилер БУУнун, ЕККУнун же эл аралык уюмдардын көңүлүн буруп, кайра бизге жардам бергиле деп, бул жактан өзүбүзгө утуш алсак да болот”, - деп кошумчалады ал.

Эскерте кетсек, америкалык Сенатка жаңы мыйзамдын долбоору сунуш кылынып, анда дүйнө жүзүнүн 30 ашык өлкөлөрүнөн АКШ кире турган жарандарды 30 күндүк текшерүүдөн кийин гана виза берүү маселеси көтөрүлгөн. Андай мамлекеттердин арасында Кыргызстандан тышкары Россия, Казакстан, Таджикистан, ал гана турсун АКШнын шериктери болгон Сауд Арабиясы менен Бириккен Араб Эмираттары да бар.

Түп нускага шилтеме : kabar.kg

Бир гана сайтта катталгандар пикирлерин жаза алат. Эгер катталган болсоңуз, анда аккаунтуңузга кириңиз.
катталгандар гана колдонуучулар "ЖМКларга даттанууларды териштирүү комиссиясына" арыздана алат. Эгер сиздин аккаунтуңуз бар болсо, анда кириңиз.

Азырынча бир да пикир жок...