Акыркы макалалар

Талас жана Чүй облустарынын дыйкандары кант кызылчасынын аянтын кеңейтүүдө

Талас жана Чүй облустарынын дыйкандары кант кызылчасынын аянтын кеңейтүүдө. Бул тууралуу айыл-чарба министрлигинин басма сөз кызматынан шейшемби күнү маалымдады.

«Талас облусунун дыйкандары кант кызылчасынын аянтын 1300 гектарга чейин кеңйтүү ниеттерин билдиришүүдө. Ал эми Чүйлүк дыйкандар кант кызылчасынын аянтын 6000 гектардан 8500 гектарга чейин кеңейтүүнү пландап жатышат», - деп айтылат билдирүүдө.

Мекеме мааалымдагандай, учурда КР айыл-чарба жана мелиорация министрлиги тарабынан баа жана башка уюштуруу маселелерин макулдашуу боюнча «Кайыңды-Кант» ААК менен иш жүргүзүлүүдө. Ушул маселелер боюнча жакынкы күндөрдө Талас жана Чүй облустарынын ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнүн жана «Кайыңды-Кант» ААК өкүлдүрүнүн катышуусу менен министрликтин жыйыны өткөрүлөт.

Түп нускага шилтеме : kyrtag.kg

Бир гана сайтта катталгандар пикирлерин жаза алат. Эгер катталган болсоңуз, анда аккаунтуңузга кириңиз.
катталгандар гана колдонуучулар "ЖМКларга даттанууларды териштирүү комиссиясына" арыздана алат. Эгер сиздин аккаунтуңуз бар болсо, анда кириңиз.

Азырынча бир да пикир жок...