Акыркы макалалар

Айбек Ибраимов дүйнө чемпиону аталды

Айбек Ибраимов дүйнө чемпиону аталды

Каратэ спорту менен машыккан Айбек Ибраимов Стамбулда төртүнчү ирет өткөн эл аралык мелдеште дүйнө чемпиону аталды. Дүйнө чемпионатына 45 өлкөдөн 8 жаштан жогору 300 миңден ашык спортчу катышкан. Кыргызстандан 13 улан - кыз барып, 20га жакын медаль менен кайткан. Тактап айтканда 2 алтын, 3 күмүш жана 10дон ашык коло медаль утуп келишкен. Бул тууралуу “Марал” радиосуна улуттук каратэ - До "Шотокан" федерациясынын басма сөз катчысы Анарбек Матмусаев билдирди. Каратэнин "Шотокан" түрү менен Айбек 9 жашынан бери машыгат. Буга чейин жаш спортчу 2010 - жылы Стамбулда, бир жыл өткөн соң Москвадагы чемпионатта дагы алтын медалга татыган. Бул жылкы мөөрөй талашууда ал 14 - 15 жаштагы 70 килограммга чейинки салмактагы атаандаштарын ута алган дейт Матмусаев. Анын айтымында, спортчуларды өкмөт тарабынан колдоо болбогондуктан, каражат жагын ата - энелер көтөрүшкөн. Өспүрүмдөрдү калаадагы спорттук клубдан жетекчиси, машыктыруучу Дмитрий Казанов даярдап барган. Үйрөнчүктөр ийгиликке жетип, ошончо топтун арасынан Кыргызстан 13 - орунду ээлеген. Учурда жаш спортчулар чыгыш өнөрү каратэ-Донун "Шотокан" түрүнүн ыкмаларын үйрөнүп жатат. Анткени алдыда дагы таймаштар күтүп турат.

Бул материалды кененирээк аудио форматында http://www.maralfm.kg сайтынан уга аласыздар

Түп нускага шилтеме : www.maralfm.kg

Бир гана сайтта катталгандар пикирлерин жаза алат. Эгер катталган болсоңуз, анда аккаунтуңузга кириңиз.
катталгандар гана колдонуучулар "ЖМКларга даттанууларды териштирүү комиссиясына" арыздана алат. Эгер сиздин аккаунтуңуз бар болсо, анда кириңиз.

Азырынча бир да пикир жок...