Акыркы макалалар

Жырткыч балыктарга каршы мыйзам долбоору кабыл алынды

Жырткыч балыктарга каршы мыйзам долбоору кабыл алынды

“Ысык – Кѳл” экологиялык - экономикалык тутумун туруктуу өнүктүрүү жөнүндө Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү тууралуу мыйзам долбоору депутаттар тарабынан көптөн бери сунушталып келген.

Сунуш кылынган толуктоолор жана ѳзгѳртүүлѳр «Ысык - Көл» экологиялык - экономикалык тутумун туруктуу өнүктүрүүнүн укуктук тартибин күчөтүүгө, Ысык - Көл көлүн улуттук жетишкендиктин өзгөчө статусу катары баалоону күчөтүүгө багытталган.

Ысык - Көл көлүнүн экотутумуна балыктардын башка түрлөрүнүн киргизилишинен баштап, (судак, кубулжума форель) көлдөгү табигый популяциясынын саны, анын ичинде балыктардын эндемикалык түрү азайууда. Мисалы, Ысык – Көлдүн ихтиофаунасынан ысык - көл жылаңач османы аталган балыктын түрү такыр жок болуп, ал эми 2006 - жылга чейин көлдүн акваториясында эң көп саналган чебачок балыгы, көлдүн чыгыш бөлүгүндө бүгүнкү күндө дээрлик жокко эсе.

Жогоруда айтылган мыйзам долбоорун сунуштаган депуттардын бири Максат Сабиров оюн төмөндөгүчө билдирди:

“Ысык – Көлдө көптөгөн балыктын түрлөрү бар. Дүйнө жүзүндө жок 9 түр балык биздин көлдө байырлаган. Ошолорду сактап калуу үчүн каралган мыйзам. Анткени ар бир көлдүн өзгөчөлүктөрү бар. Биздин көлүбүзгө суу кирет, кайра чыкпайт. Ошон үчүн биз экологияны сакташыбыз керек. Бизде туристтик гана балык улоо болсун. Балык менен бизнес кылгандар бар. Алар кубулжума форелдерди тор менен көлгө салышат. Бирок форелдер торду тешип чыгып кетип, башка балыктарды жеп салып жатат”.

Ал эми балык чарба департаментинин башкы адиси Кадырбек кызы Нургулдун айтымында, 2012 – жылы Ысык – Көлгө 18 миллион балык коё берилген.

2006 - жылдан Ысык - Көлдүн түштүк жээгинде садкалар орун алгандан баштап, кыянаттуу жырткыч балыктын башка чоочун түрү - кубулжума форель балыгы, көлдүн экотутумун түзгөн жаныбар организминин жашоо формаларынын дээрлик бардык түрлөрү менен тамактанган балык пайда болду. Ысык - Көлдүн экотутумунда кубулжума форель балыгынын пайда болушу ихтиофаунанын эндемикалык түрлөрү үчүн экологиялык катастрофа болуп саналат жана көлдүн эндемиктеринин дээрлик баары жоголуп кетүү чегине кириптер болду. Учурда Ысык-Көлдүн бардык акваториясы боюнча кубулжума форель балыгы саны жагынан аябагандай көбөйдү, ал эми көлдүн кай бир жерлеринде балык фондорун түзүп калды.

Чоңойгон кезиндеги кубулжума форель балыгынын ичиндеги тамак иштөөсүндөгү азык заттарга жүргүзүлгөн анализ, зообентосту түзгөн организмдер менен бирге алар жаш балыктардын ар кандай түрлөрү менен тамактанаарын аныктаган. Кубулжума форель балыгынын тамак азыгынын көп түрү менен тамактангандыгы, жырткыч жаныбар катары жогорку экологиялык ийкемдүүлүгү, тамактануунун спектринин кенендиги, ансыз дагы Ысык - Көл балыгынын түрлөрүнүн санынын өтө төмөндөп кеткендигин аныктайт.

“Балык чарбасы жөнүндө” мыйзамына толуктоолорду киргизүү тууралуу тийиштүү мыйзам долбоору парламент тарабынан үчүнчү окууда кабыл алынды. Бул мыйзам долбоору Ысык – Көлдөгү сейрек кездешүүчү балыктарды сактап калууга багытталган. Мыйзам долбоору тарабынан көлдө форель менен тор салууга тыюу салынган. Президент кол койсо бул мыйзам иштей баштайт.

Бул материалды кененирээк аудио форматында http://www.maralfm.kg сайтынан уга аласыздар

Бир гана сайтта катталгандар пикирлерин жаза алат. Эгер катталган болсоңуз, анда аккаунтуңузга кириңиз.
катталгандар гана колдонуучулар "ЖМКларга даттанууларды териштирүү комиссиясына" арыздана алат. Эгер сиздин аккаунтуңуз бар болсо, анда кириңиз.

Азырынча бир да пикир жок...