Акыркы макалалар

Кыргызстанда 18-19-январда аба-ырайынын кескин өзгөрүүсү күтүлөт

Кыргызстанда 18-19-январда аба-ырайынын кескин өзгөрүүсү күтүлөт

Кыргызстанда 18-19-январда аба-ырайынын кескин өзгөрүүсү күтүлөт. Бул тууралуу Кыргызгидрометтен билдирди.

Узакка созулган анамалдуу жылуу аба ырайынан кийин 2016-жылдын 17-январынан 19-январына чейин аба ырайынын кескин өзгөрүлүшү күтүлөт: 17-январда жана 18-январда түнкүсүн жана эртең менен көпчүлүк аймактарда кар жаашы, Чүй, Жалал-Абад, Ош жана Талас облустарынын кээ бир райондорунда жаан-чачын катуу жаашы күтүлөт, 18-январда күндүз жаан-чачын кээ бир райондордо күтүлөт. Зымдарга жана бактарга суу кар жармашат. Ысык-Көл, Нарын облустарында 17-январда түнкүсүн жаан-чачын күтүлбөйт, күндүз айрым жерлерде кар жаашы күтүлөт.

18-январда көпчүлүк аймактарда кар жаап, кээ бир райондордо катуу жаашы күтүлөт.

19-январда кар жаашы кээ бир райондордо күтүлөт. Тоолуу аймактардын автожолдорунда кар күрткүсү жана жолдор тоңголок, тайгак болушу күтүлөт.

17-18-январда кээ бир райондордо батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 15-20 метрге, Ысык-Көл акваториясында 19-24 метрге чейин жетиши күтүлөт. 18-19-январда абанын температурасы төмөндөп: Ош, Жалал-Абад, Чүй облустарынын өрөөндөрүндө жана Баткен облусунун дыйканчылык аймактарында түнкүсүн 8…13°, күндүз 0…5° суукка чейин, Талас өрөөнүндө жана тоо этектеринде түнкүсүн 10…15°, күндүз 1…6° суукка чейин, Ысык-Көл ойдуңунда түнкүсүн 7…12°, күндүз 2…7° суукка чейин, Нарын облусунун дыйканчылык аймактарында жана тоолуу райондордо түнкүсүн 20…25°, күндүз 10…15° суукка чейин, бийик тоолуу райондордо түнкүсүн 25…30° суукка, күндүз 13…18° суукка чейин төмөндөшү күтүлөт.

Мындай аба ырайы автожолдордун абалын начарлатат, автоунаа, энергетика жана коммуналдык кызматтардын ишин жана жайыттарда малды кармоону кыйындатат.

Түп нускага шилтеме : kyrtag.kg

Бир гана сайтта катталгандар пикирлерин жаза алат. Эгер катталган болсоңуз, анда аккаунтуңузга кириңиз.
катталгандар гана колдонуучулар "ЖМКларга даттанууларды териштирүү комиссиясына" арыздана алат. Эгер сиздин аккаунтуңуз бар болсо, анда кириңиз.

Азырынча бир да пикир жок...