Акыркы макалалар

Ысык-Көлдө балыктардын азайышына антропогендик факторлор себеп болууда

Ысык-Көлдө балыктардын азайышына антропогендик факторлор себеп болууда

Ысык-Көлдө балык уулоо көзөмөлгө алынбагандыктан, айрым балыктын түрлөрү жок болуп же жоголуп кетүү коркунучунда турат деп айтуу туура эмес. Бул тууралуу “Кабар” агенттигине Айыл чарба жана мелиорация министрлигинин Балык чарба департаментинин директору Самарбек Күчүков билдирди.

“Бул маселени бир сөз менен айтыштын өзү туура эмес болуп калат. Албетте, бул багытта маалыматы жок адам айтса, анын айтканы жараша берет. Бирок, бул маселени терең изилдесе, анда көйгөйдүн эмнеден улам жаралып жаткандыгынын себеби таптакыр башка болуп чыгат. Тактап айтканда, балыктын азайышына антропогендик факторлор себеп болууда. Биринчиси, баягы эле адам фактору. Башында ушул турат. Анан барып, социалдык, экономикалык ж.б. факторлор, ошондой эле улуттун өзүнүн табигый байлыгына кайдыгер, керектөөчүлүк мамилеси да кесепетин тийгизүүдө”,-дейт С.Күчүков.

“Ошондой эле балыктын икралары атайын цехтерде өстүрүлүп, жыл сайын Ысык-Көлгө кое берилет. Бирок, бул жетиштүү деп айткандан алысмын. Анын үстүнө совет мезгилиндегидей Балык чарба департаментине көңүл бурулбай калды. Башкача айтканда, каражаттын тартыштыгынан улам Ысык-Көлгө жетишээрлик көңүл бурулбай калууда”,- деп кошумчалады ал.

Эскерте кетсек, акыркы 5 жылда Ысык-Көлдө балыктардын чабак, майда чабак ж.б. эндомикалык (жергиликтүү) түрлөрү жок болуп, кээ бири таптакыр жоголуунун чегине жетип калгандыгы тууралуу маалыматтар ЖМКларда байма-бай сөз боло баштады.

Түп нускага шилтеме : kabar.kg

Бир гана сайтта катталгандар пикирлерин жаза алат. Эгер катталган болсоңуз, анда аккаунтуңузга кириңиз.
катталгандар гана колдонуучулар "ЖМКларга даттанууларды териштирүү комиссиясына" арыздана алат. Эгер сиздин аккаунтуңуз бар болсо, анда кириңиз.

Азырынча бир да пикир жок...