Акыркы макалалар

Академик Д. Маматканов: “Нарынга эмес, Сары-Жазга ГЭСтерди куруу керек”

“Жогорку Нарын жана «Камбар-Ата-1» каскаддарынын кыргызга азырынча кереги жок, деп башынан эле айтканмын. Себеби, энергетикада объект эффективдүү болбосо, 6-8 жылда өзүн-өзү актабаса ал курулбаш керек, деген союз мезгилинен бери эле айтылып келе жаткан аныктама бар”, – деди “Кабар” агенттигине Улуттук илимдер академиясынын Суу жана гидротехнологиялык проблемаларды изилдөө институтунун директору, академик Дүйшөн Маматканов.

Анын айтымында, “Камбар-Ата-1” ГЭСи эгер курулуп калган учурда да 25-30 жылда барып анан өзүн актайт. Анткени, анын энергиясын колдоно турган бизде завод, фабрикалар жок.

“Россия Жогорку Нарын жана «Камбар-Ата-1» каскаддарын курбай тургандыгын, бул долбоорлор бизге эле эмес, аларга да пайда алып келбестигин мен мурда эле айтканмын. Кытайда электр энергиясы жетишпейт, Кытай энергиянын 82%ын жылуулук электр станцияларынан алат. Жайкысын ысык суу колдонулбай калганда, аларда электр энергиясына болгон талап күчөйт. Ушундан улам 2006-жылы Кытайга барып, Сары-Жаз дарыясына Кыргызстандын аймагында 3 ГЭС курууну, ал ГЭСтердин Кытайга да, Кыргызстанга да пайдалуулугун илимий жактан негиздеп, доклад окуп, макулдашып, техникалык экономикалык негиздемелерин даярдаганбыз. Кытай тарап макул болгон. Бул эң жакшы долбоор болгон эле. Кытай ал ГЭСтерди өзү куруп, электр энергиясын өзү сатып алмак. 2008-жылдары орто жолдон билермандар чыгышып, Сары-Жаз дарыясына ГЭСтерди Россия курат, деп туруп алышты. Кытай менен макулдашууну бузушту. Ал ГЭСтерди Россия курган деле жок. Кайдан курмак, курганда деле анын энергиясын ким сатып алат? ГЭСтер Кыргызстандын аймагында турса, аны Россия курса, анан Кытай сатып алышы керекпи?.. Андай болсо чыгымы өсүп кетпейби, орто жолдон дагы бирөө кыпчылып... Энергетика Кыргызстандын приоритеттүү багыты дешет деле, анан бул багытта чалды-куйду иштерди жүргүзүп жатышат. Энергетиканы саясатка аралаштырбаш керек”-деди ал.

“Дагы айтам, Жогорку Нарын жана «Камбар-Ата-1» каскаддарын Россия курат деген утопияны унутушубуз керек. Алар курбайт, жөн эле көңүлүбүздү улап, “курабыз, көрөбүз, сүйлөшөбүз” дей беришет. Андан көрө Кытай менен Сары-Жаз дарыясына ГЭСтерди куруу тууралуу сүйлөшүүлөрдү кайра башташ керек. Аларга Сары-Жазга ГЭС куруу, кийин өзү тарапка жогорку чыңалуудагы линияларды тартып кетүү, демек электр энергиясын бизден сатып алуу пайдалуу. Анткени жакын. Кытай Кашкарга чейин чоң электр линияларын куруп жатат. Кашкардан ары Индия, Пакистан, Ооганстанга Кара-Корум шоссеси аркылуу электр линияларын алып өтүүгө болот”-деп кошумчалады Д. Маматканов.

Академиктин маалыматына караганда, Сары-Жаз дарыясы Каракол шаарынан 140 км аралыкта эле жайгашкан. “Кум-Төргө” чейин электр линиясы бар. “Кум-Төрдөн” Сары-Жазга чейин 25-30 км. Демек, электр линиясын куруу андай деле көйгөй жаратпайт. Сары-Жазга ГЭСтерди куруу менен Токтогул ГЭСинин да өмүрүн узартканга шарт түзүлмөк. Сары-Жаздын суусун Кыргызстан ГЭС үчүн гана пайдаланбаса, башка эч нерсеге пайдалана албайт. Анткени ал бий тоолорду аралап, Кытайга өтүп кетет.

Эскерте кетсек, Камбар-Ата-1 ГЭСин куруу боюнча Кыргызстан менен Россия келишим түзгөндүгү, бирок бир канча жыл өтсө да ГЭСтин курулушунан кабар жоктугу, акыры кыргыз тарап ал келишимди денонсациялоо тууралуу мыйзам долбоорун кароого аргасыз болуп жаткандыгы ЖМКларга жарыяланган.

Түп нускага шилтеме : www.kabar.kg

Бир гана сайтта катталгандар пикирлерин жаза алат. Эгер катталган болсоңуз, анда аккаунтуңузга кириңиз.
катталгандар гана колдонуучулар "ЖМКларга даттанууларды териштирүү комиссиясына" арыздана алат. Эгер сиздин аккаунтуңуз бар болсо, анда кириңиз.

Азырынча бир да пикир жок...