Акыркы макалалар

Премьер-министр өлкөдө күйүүчү майды арзандатууну тапшырды

Премьер-министр Т.Сариев Өкмөттүн жыйынында КР нефтетрейдерлер Ассоциациясына (КНА) күйүүчү майды арзандатуу боюнча тапшырма берди.

“Мен кечээ күйүүчү май тууралуу 2012-жылдан берки документтерди атайы карап чыктым. Баа өсүп жатат. Биз, баа доллардын курсуна байланыштуу өсүп жатканын түшүнөбүз, бирок, дүйнөдө мунайдын баасы түшүп жатса, биздин май куюучу жайларда ошол бойдон сакталып калууда. Силер бул багытта иш алып барышыңар зарыл. Жакында айыл чарба жумуштары башталат, биз ал үчүн жакшы шарттарды түзүшүбүз керек”,- деди Т.Сариев.

Ошондой эле КНАга күйүүчү майды мүмкүн болушунча арзан алууну, аны менен баасын төмөндөтүүнү тапшырды.

Түп нускага шилтеме : www.kabar.kg

Бир гана сайтта катталгандар пикирлерин жаза алат. Эгер катталган болсоңуз, анда аккаунтуңузга кириңиз.
катталгандар гана колдонуучулар "ЖМКларга даттанууларды териштирүү комиссиясына" арыздана алат. Эгер сиздин аккаунтуңуз бар болсо, анда кириңиз.

Азырынча бир да пикир жок...