Акыркы макалалар

Кайсы чиновниктер мыйзамды бузуп жатат?

Кайсы чиновниктер мыйзамды бузуп жатат?

14-январда Ички иштер министрлиги коррупциялык жана кызматтык мүнөздөгү кылмыштар тууралуу маалыматты жарыялады. Ведомство берген маалыматка таянсак, 2015-жылы мамлекеттик объекттерде 450 кылмыштын бети ачылган.

Кыргызстандын президентинин 2012-жылдын 2-февралындагы "Кыргыз Республикасындагы коррупцияга каршы саясаттын мамлекеттик стратегиясы жана коррупцияга каршы аракеттенүү жөнүндөгү" жарлыгына карабай, ведомстволор мыйзамсыз иштерди жасашууда. Ал эми мыйзамда дал ушул ведомстволор коррупцияга каршы өнөктүк менен иш алып барышы керек деп жазылган.

Мамлекеттик уюмдардын арасында коррупциялык жана кызматтык кылмыштардын саны боюнча жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары биринчи орунда турат. Экинчи орунда Билим берүү жана илими министрлиги, үчүнчү орунга Саламаттыкты сактоо министрлиги чыккан.

Түп нускага шилтеме : www.vb.kg

Бир гана сайтта катталгандар пикирлерин жаза алат. Эгер катталган болсоңуз, анда аккаунтуңузга кириңиз.
катталгандар гана колдонуучулар "ЖМКларга даттанууларды териштирүү комиссиясына" арыздана алат. Эгер сиздин аккаунтуңуз бар болсо, анда кириңиз.

Азырынча бир да пикир жок...