Акыркы макалалар

Кыргызстанда орточо номиналдуу айлык акы 12 848 сомду түздү

Кыргызстанда орточо номиналдуу айлык акы 12 848 сомду түздү

Кыргызстанда бир жумушчунун орточо номиналдуу айлык маянасы 12 848 сомду түзөт. Бул тууралуу Кыргызстандын Улуттук статистикалык комитетинен кабарлашты.

2014-жылдын январь айында айлык акынын орточо көлөмү 10 765 сом болгон, өткөн жылдын февраль айына салыштырганда бул көрсөткүч болгону 3,2 пайызга жогорулаган. 2015-жылдын сентябрь айында аталган көрсөткүч -12 719 сом, октябрь айында-12 789 сом болгон.

Ошол эле учурда 2015-жылы баалардын өсүш деңгээли экономикалык кризиске жана доллардын наркынын кескин жогорулашына карабай, төмөн болгон. Улуттук статистикалык комитет берген маалыматка таянсак, керектөө тармагындагы инфляциянын деңгээли 3,4 пайыз гана болду, ал эми 2014-жылы инфляция 10,5 пайызга өскөн болчу.

2014-жылдын декабрь айында салыштырганда баарынан көп алькогол ичимдиктерине жана тамеки буюмдарына (12,4%), ошондой эле азык-түлүк эмес товарларга (12,3%) карата баа кымбаттаган.

Тейлөөнүн баасы өткөн жылы 6,7 пайызга көбөйдү.

Түп нускага шилтеме : www.vb.kg

Бир гана сайтта катталгандар пикирлерин жаза алат. Эгер катталган болсоңуз, анда аккаунтуңузга кириңиз.
катталгандар гана колдонуучулар "ЖМКларга даттанууларды териштирүү комиссиясына" арыздана алат. Эгер сиздин аккаунтуңуз бар болсо, анда кириңиз.

Азырынча бир да пикир жок...