Акыркы макалалар

Н.Букуев:"Кыргызстанда футбол академиясы курулат"

Н.Букуев:"Кыргызстанда футбол академиясы курулат"

"Кабар даамында" уктуруусунун бул чыгарылышында кыргыз футболунун учурдагы абалы, акыркы жетишилген ийгиликтер жана футболду мындан ары өнүктүрүүгө көрүлүп жаткан аракеттер, келечек пландары тууралуу КРнын футбол федерациясынын башкы катчысынын орун басары Нурдин Букуев менен кеңири маектештик.

Бүгүнкү ийгиликтер колунан келе турган жетекчилердин аракети

Өткөн жылдын декабрь айында жаңыланган рейтингде 108-орунда болчубуз, ал эми январь айында дагы бир жолу рекордду жаңылап, 107-орунга чыктык. Биздин рейтингде жогорулашыбыздын артында көзгө көрүнгөн жана көрүнбөгөн иш аракетерибиз турат. Бул акыркы 2-3-жылдын ичиндеги эмгектердин натыйжасы деп айтсам болот. Эң негизгиси биздин футболчулардын, аларды жетектеген машыктыруучулар штабынын, футбол федерациясынын чоң эмгектери турат. Оюндарга болгон даярдыктарда болгон аракетибизди жумшадык. 2015-жылды ала турган болсок, талаа майданында гана эмес, андан сырткары дагы бир топ иштер жасалды. Өзүбүздүн эл аралык аброюбузду көтөрүүгө жетиштик. Республикадагы жаш өспүрүмдөр, аялдар арасындагы футболдун деңгээлин көтөрүүгө чоң аракеттерди көрүп жатабыз. Ошондой эле футболдук инфраструктураны, талаа майдандарын оңдоого, кичи футболдук аянтчаларды курууга аракет кылып жатабыз.

Буга чейин ар бир жетекчинин колунан келген иш аракеттери жасалып келген. Ал эми акыркы жетишкен ийгиликтерди курамага жаш команданын келгендиги жана жаш, колунан келе турган жетекчилердин аракети десек болот. Андан сырткары биздин өкмөттүн деги эле спортко болгон оң көз карашынын, коомчулуктун, күйөрмандардын чоң колдоосунан ушундай натыйжа берди. Эгер биздин курама командабыз акыркы 10-15 жылдын ичинде эл аралык мелдештерге катышып турганда мындан дагы деңгээлибиз жогору болмок. Тилекке каршы, андай болгон жок. Буга бир катар себептер дагы бар, мүмкүнчүлүктөр дагы жок болгон. Азыр биздин келечегибиз кеңейип бара жатат. Чет өлкөлөрдүн футбол федерциялары менен тыгыз байланышта иштешип, эр аралык жолдоштук мелдештерге, расмий оюндарга чыгууга мүмкүнчүлүгүбүз кеңейди. Ошондуктан көрсөткүчтөр дагы жогорулай баштады. Эми бул даражадан түшпөй, мындан дагы жогорулаганга аракет кылабыз. 2016-жылдын эсебинен 16 жашка чейинки курама командабыз сентябрь айында Индияда ойнойт. Ал эми февраль айында футзал боюнча курама команда оюнга чыгат. Федерациянын инфратүзүмүн жакшыртуу максатында жаңы офис, Бишкек шаарында жаңы футболдук борбор куруу пландарыбыз бар. ФИФАнын колдоосу менен быйыл Ош шаарында футбол академиясын курууну бүтүрөбүз деген ойдобуз. Негизинен чет жактан келген конокторду татыктуу тосуп алышыбыз керек.

Ар бир облуска экиден футбол аянтчалары курулат

Биздин иш багытыбыз аймактарга дагы жолдонуш керек. Анткени аймактарда таланттуу, келечеги бар балдар, курама команда үчүн талапкерлер абдан арбын. Быйылкы жылга пландалган иш-пландарыбыздын көп бөлүгүн аймактар менен иштөөгө арнадык. Тактап айта кете турган болсок, биздин кураманын башкы машыктыруучусу А.Кристинин өзүнүн келишимин дагы узартып, мойнуна дагы бир милдеттемени алды. Бул жергиликтүү машыктыруучулардын машыктыруу методикасын жакшыртуу үчүн тажрыйба бөлүшүү болуп саналат. Келечекте мыкты спортчуларды даярдоо биз үчүн өтө маанилүү. Ал эми аймактарга бир учурда спорт залдарды курууга биздин мүмкүнчүлүгүбүз жок. Өлкөбүз тоолуу болгондуктан, климаттык шартыбыз, өзгөчө кыш мезгилинде өтө татаал. Баштапкы кадам катары ар бир региондо өзүбүздүн колубуздун келишинче жок дегенде экиден жасалма чөп төшөлгөн кичи футболдук аянтчаларды куруп берүү жолунда турабыз. Талас шаарын бир долбоор ишин баштады. Келечектеги пландарда ар бир аймакка стандарттарга жооп берген чоң стадиондорду курабыз деген ойдобуз. Мунун баары эле акча каражатына келип такалат. Ага карабастан инвесторлорду таап, колдон келген иштерибизди аткарып жатабыз.

Футбол жаатындагы кемчиликтерди айта турган болсок, дагы эле арбын. Футболдун ар кайсы багыттарында бир топ чечүүчү маселелер бар. Инфраструктуралык түзүмдү жакшыртуу, машыктыруучулардын, калыстар тобунун, командаларда иштеп жаткан административдик штабдардын деңгээлин жогорулатуу маселеси турат. Мындайча айтканда футбол – бул жөн гана талаа үстүндөгү оюн эмес, анын артында дагы чоң иштер бар. Кээ бир иштер биз үчүн татаал болуп жатат, бирок, ошентсе дагы кадамыбызды алдыга шилтей беребиз. Өкмөттүн колдоосу биз үчүн өтө чоң жардам болду.

Футбол курамасынын формасы жаңыланат

Биз акыркы эки жылдан бери курама командаларыбыздын кийимдеринин үстүндө иштеп келе жатабыз. Биздин формалар чындыгында кээ бир мамлекеттердин формаларына окшошуп кетет экен. Бул боюнча Испаниянын бир компаниясы менен иш алып барып жатабыз. Анткени алардын кийимдери биздин оюнчулар үчүн өтө ыңгайлуу болуп жатат. Азыркы учурда биздин өлкөнүн желегине окшоштуруп кызыл, сары түстөгү форма кийсекпи деген ойдобуз. Жакынкы арада өзүбүздүн форманы жаңылоо үчүн сунушубузду жарыялайбыз, балким күйөрмандар арасында форманын жаңы дизайнын түзүүгө атайын сынак жарыялап, анын ичинен тандап алышыбыз мүмкүн.

Эл аралык стандартка жооп берген стадион салынбаса, биздин кураманын оюндарына тыюу салынат...

Былтыр Австралия курама командасы менен болгон беттеште бир топ кемчиликтер кетирилген. Мунун барын футбол федерациясы өз мойнуна алат. Бул биздин стадиондун заман талабына жооп бербегендиги үчүн болду. Андыктан, маселени өкмөткө көтөрдүк, бул жеке биздин колубуздан келбейт. Бизде эл аралык стандарттарга жооп берген бир дагы стадионубуз жок. Өкмөт буга карата иштерди жүргүзүп, учурда Бишкектин айланасынан ыңгайлуу жер тилкелери изделип жатат. Мындай стадионду жөн гана куруп коюу эмес, оюндан оюнга чейин турбай, ал дайыма иштеп, курууга кеткен каражатын актап турушу керек. Жер тилкеси аныкталса, инвесторлорду таап, куруу ишин баштайбыз. Бир эле стадион менен чектелбестен, ар бир аймакта өтө чоң болбосо дагы 5-6 миң орундуу стадиондорду куруу зарыл. Мүмкүн болсо куруу иши тез арада бүтүшү керек. Анткени Эл аралык футбол федерациясы жана Азия футбол конфедерациясынын талаптарына ылайык мындай стадионго биз мурда эле ээ болушубуз керек болчу. Буга чейин биз алардын өкүлдөрү текшерүүгө келген сайын алдап-соолап келе жатабыз. Австралия менен болгон оюндан кийин ФИФА бизге айып пул салууга жана биздин жергебизде ойной турган оюндарга тыюу салып коюшу дагы толук мүмкүн эле. Муну сүйлөшүүлөрдүн аркасы менен көндүрүп, бул маселени чечүүгө убакыт берүүнү сурандык. Эгер стадион бүтпөй турган болсо, биздин курамага чоң терс таасирин тийгизет.

Футболдогу ийгиликтерибизди көрсөтүп, анан акча сурайбыз...

Былтыр ноябрь айында Өкмөт башчы Т.Сариев Кыргызстандагы ири компаниялардын жетекчилери менен жолугушкан. Анда клубдук футболду өнүктүрүү маселеси турган. Тилекке каршы бул сунуш колдоо тапкан жок. Буга бир топ себептер бар. Биринчиден, бизде инвестициялык климаттын жагымдуулугунун жоктугу деп ойлойм. Бул боюнча биздин иш пландарыбыз да бар. Ири компаниялар менен иштешип, футболдун артыкчылыктарын көрсөтүп, футболду бизнес кылууну көнүмүш адатка айлантсакпы деген ойдобуз. Менимче ишкерлик коому алгачкы кадам жасоодон кооптонуп, иштеткен каражатты текке кетирип алабызбы деген ойдо болуп жатат окшойт. Биз дагы алгач өзүбүздүн ийгиликтерибизди көрсөтүп туруп, анан акча сурасакпы деп ойлоп жатабыз. Футбол аркылуу кантип өзүн таанытууга болоорун көрсөтөбүз.

1 млн 50 миң доллар каражат биздин иш үчүн жетишсиз

Башка федерацияларга караганда каржылоо жаман эмес. ФИФА тарабынан жылына 250 миң доллар көлөмүндөгү акча каражаты келип турат. Ошондой эле Азия конфедерациясы тарабынан дагы 250 миң доллар акча келет. Былтыркы жылы 1 млн 50 миң доллар федерациянын эсебине келип түштү. Миллиондоп айткан акчалар кээ бирөөлөр үчүн абдан чоң көрүнүшү мүмкүн. Бирок биз аткарып жаткан иштерге бул каражат өтө жетишсиз. Ошондуктан башка жактан акча каражатын табууга мажбурбуз. Азыркы биз аткарып жаткан иштер жалпылап айтканда 2 млндон ашык каражатты талап кылат. Андан сырткары бир эле команданы таптап даярдап, ийгиликтерге жетишүү үчүн бул каражат аздык кылат. Былтыр бөлүнгөн акча боюнча биздин март айында Федерациянын мүчөлөрүнүн катышуусунда өтө турган конференциябызда отчет беребиз. ФИФА кыз-келиндер футболуна өзгөчө көңүл буруп, бөлүнгөн каражаттын 15 пайыздан кем эмес каражат жумшалсын деген талап коюп жатат. Жалпы алганда Кыргызстанда кыз-келиндер футболу өсүү жолунда, мындан ары дагы колдоого алууга даярбыз.

Автор: Каныкей Бозгунова

Түп нускага шилтеме : maralfm.kg

Бир гана сайтта катталгандар пикирлерин жаза алат. Эгер катталган болсоңуз, анда аккаунтуңузга кириңиз.
катталгандар гана колдонуучулар "ЖМКларга даттанууларды териштирүү комиссиясына" арыздана алат. Эгер сиздин аккаунтуңуз бар болсо, анда кириңиз.

Азырынча бир да пикир жок...