Акыркы макалалар

Өкмөт башчы байланыш агенттигине бардык мектептерди интернет менен камсыз кылуу тапшырмасын берди

Өкмөт башчы байланыш агенттигине бардык мектептерди интернет менен камсыз кылуу тапшырмасын берди

12-январда Премьер-министр Темир Сариев Байланыш мамлекеттик агенттигинин директору Чыңгыз Бекташев менен жолугушуунун жүрүшүндө агенттиктеги аткарылып жаткан иштер жана келечектеги пландары тууралуу маалымат алды.

Темир Сариев агенттиктин ишмердигине токтолуп, өлкөдөгү сапаттуу байланыш жана интернет менен камсыз кылуу жаатындагы иштерди күчөтүү зарылдыгын билдирди.

“Сапаттуу байланыш, интернетти өлкөнүн бардык аймактарына жеткирүү боюнча иштерди азыркы шартка ылайыктап, иш алып баруу керек. Сиздин алдыңызда өлкөнүн ар бир бурчун сапаттуу жана жеткиликтүү байланыш менен камсыз кылуу, өлкө аймактары жана анын ичинде бардык мектептерди интернетке туташтыруу жана сапаттуу теле жана радио менен камсыз кылуу милдети турат”, – деди Темир Сариев.

Премьер-министр 2016-жылдын 10-февралына чейин Билим берүү жана илим министрлиги жана Байланыш агенттигине өлкөдөгү бардык мектептерди интернет менен камсыз кылуу боюнча атайы бетачар даярдоону тапшырды.

Ошондой эле, Т.Сариев учурда уюлдук компаниялардын калкка көрсөтүп жаткан кызмат акысы жана сапаты боюнча да текшерүү зарылдыгын билдирди.

Түп нускага шилтеме : kabar.kg

Бир гана сайтта катталгандар пикирлерин жаза алат. Эгер катталган болсоңуз, анда аккаунтуңузга кириңиз.
катталгандар гана колдонуучулар "ЖМКларга даттанууларды териштирүү комиссиясына" арыздана алат. Эгер сиздин аккаунтуңуз бар болсо, анда кириңиз.

Азырынча бир да пикир жок...