Акыркы макалалар

Роза Отунбаева: “Кенже курактагы балдарга көӊүл буруу –артыкчылыктуу багыт”

Роза Отунбаева: “Кенже курактагы балдарга көӊүл буруу –артыкчылыктуу багыт”

Роза Отунбаева: “Кенже курактагы балдарга көӊүл буруу –артыкчылыктуу багыт”

Роза Отунбаева. Баарыбызга тааныш ысым. Демократиялык өлкөдө боло келгендей Роза эжеге карата ар кыл пикирлер бар. Менин чөйрөмдө ишмердүүлүгүнө карата позитивдүү үн каткандардын саны арбын. Роза эже жеке өзүнө таандык табияты менен өз багытында алдына койгон максаттарына карай ишмердүүлүгүн улантканы уланткан. Анда эженин учурдагы иштери туурасында өз оозунан уксак...

Шоокум: - Роза Исаковна, айтсаӊыз, президенттик кызматты өз ыктыярыӊыз менен салтанаттуу өткөрүп бергенден кийин “Роза Отунбаеванын демилгеси”деген аталыштагы эл аралык коомдук фонд түзүп, жигердүү иштерди алып баруудасыз. Кайсы багытка артыкчылык берип жатасыз жана кандай максаттарды көздөйсүз?

Роза Отунбаева: - Менин фондум бейөкмөт уюм катары иш алып барат. Негизги максаты – Кыргызстандын мындан ары ар тараптуу өнүгүшүн камсыз кылуу. Бир жылдан ашык убакыт ичинде Кыргызстанда ондогон иш-чараларды өткөрүүгө жетиштик. Алдын жетишинче Борбордук Азияда биринчи жолу экс-президент институтун куруп жатабыз, бийликтен кеткенден кийин дагы пайдалуу иштерди жасаса болот деген ишенимдебиз. Биздин иш-чаралар тууралуу окурмандар www.roza.kg сайтынан кеӊири тааныша алышат. Өткөргөн иш-чараларга борбордо жана өлкөнүн ар кайсы аймактарында кызыгуу бар. Азыркы күндө менин фондумдун негизги багыттарынын бири – кенже курактагы балдардын ар тараптуу өнүгүүсүнө ата-энелердин, жергиликтүү коомчулуктардын жана мамлекеттик мекемелердин көӊүлүн буруу багытында ар кыл иш-чараларды өткөрүп жатабыз.

Шоокум: - Дагы бир байкалган нерсе, аймактарда бала бакча салып бергиле деген ата-энелер көп болууда. Азыркы күндө мурункудай бала бакчаларды курууга муктаждык барбы, бул маселени чечүүнүн кандай жолдорун сунуштап жатасыздар?

Роза Отунбаева: - Союз мезгилинде бала бакчаларга, алыскы аймактарда мектептердин курулушуна өтө көп көӊүл бурулган. Ал убакта мамлекетте каражат жетиштүү болгон. Ошол эле мезгилде айрым ири ишканалардын финансылык мүмкүнчүлүгү кеӊири эле. Азыркы күндө андай ири бала бакчаларды куруу мамлекеттен ири каражатты талап кылат. Коомчулук мамлекетти карап отура бербестен, заманга ылайыктуу жолдорду издеши керек болуп турат. Мисалы, салттуу бала бакчаларда балдар эртеден кечке дейре каралат. Алардын тамак-ашынан тартып бүт чыгымдары мамлекеттин мойнунда болгон. Мындай бала бакчалар өлкө боюнча балдардын 13% гана камтууда. Азыркы күндө бала бакчаларга тартылбаган балдарды 240 сааттык программа менен күн сайын 3 сааттан окутуу республиканын бардык аймактарында 1-марттан тартып башталды. Бул иш-чарага жергиликтүү бийликтер, коомчулук кайдыгер карабастан, өз салымдарын кошууга тийиш. Эгерде балдардын саны көп боло турган болсо, түшкө чейин бир топту, түштөн кийин бир топту ачууну сунуштап жатабыз. Андан тышкары кийинки жылдарда мектепке бара турган балдарды даярдоону 480 саатка жеткирүү каралууда. Бул иш Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлиги, жергиликтүү бийлик органдары, ЮНИСЕФ сыяктуу уюмдар менен кызматташтыкта ишке ашып жатат. Бала бакчага барган балдар менен барбаган балдардын ортосунда сабакка жетишүү боюнча чоӊ ажырым болуп жатат. Бала бакчага барбаган балдардын окуудагы көрсөткүчтөрү абдан төмөн. Өз кезегинде артта калган окуучуларга мугалимдер көп көӊүл бура беришпейт. Натыйжада алар жашоо үчүн эӊ керектүү болгон окуу көндүмдөрүнө ээ боло албай жатышат.

Шоокум: - 1990-жылы Кыргызстанда 1696 бала бакча болсо, азыр болгону 763 бала бакча бар, жеке менчик бала бакчалардын өнүгүшү да ар кыл себептерден улам кеӊири кулач жая албай жатат. Сиздер сунуштап жаткан кенже курактагы балдардын окуу көндүмдөрүн калыптандыруу багыты айрыкча коомдун көӊүлүн бул маселеге бурууга артыкчылык берилгендей?

Роза Отунбаева: - 20 жылдын ичинде бала бакчаларга муктаждык болгондугуна карабастан, ар кыл жолдор менен башка максаттарда колдонулуп калган. Ошол бала бакчанын имараттарын азыркы күндө ар кыл багыттагы мамлекеттик мекемелерден тартып бизнес-структуралардын, мамлекеттик эмес уюмдарга чейин ээлеп алышкан. Ал тургай менчик үйгө айлангандары да бар. Аларга кайрадан бала бакча статусун алып берүү өтө кыйынга турат. Ошондуктан биз колдо болгон мүмкүнчүлүктөрдү пайдаланып, дүйнөлүк тажрыйбаны колдонушубуз керек. Мектеп жашына чейинки балдарды ар тараптуу өнүктүрүүгө мамлекеттик жана коомдук уюмдардан тартып ата-энелерге чейин билек түрүнө киришүү мезгил талабы болуп саналат. Өзгөчө бул теманын актуалдуулугун коомчулукка жеткирүү маанилүү болуп турат. Бул максатта Нарын, Ош, Баткен областтарын адистердин коштоосунда кыдырып, элге түшүндүрүү иштерин жүргүзүп жатабыз. Борбордук бийликти карап отура бербестен, ар бир адам жана мекеме балдар үчүн колунан келген иш-аракеттерди жасоого тийиш. Окумуштуулардын тыянактарына ылайык кенже курактагы балдарга жумшалган 1 АКШ доллары өспүрүм куракта сарптала турган 7-8 АКШ долларына тете болот экен. Канчалык эрте жаштан тартып балдарыбызга көӊүл бурсак, алардын интеллектуалдык жактан ар тараптуу өнүгүшүн камсыздап, ийгиликтүү адамдардын санын көбөйтөбүз. Бул баарыбыз үчүн эӊ артыкчылыктуу багыт болууга тийиш.

Шоокум: - Чет өлкөлөрдө өзгөчө мектеп жашына чейинки балдардын психикалык, физикалык, интеллектуалдык жана социалдык жактан калыптанышы боюнча ар кыл иликтөөлөр жүргүзүлүүдө. Сиздин кенже куракка өзгөчө басым жасап атканыӊыз дүйнөлүк алкактагы окумуштуулардын тыянактарына таянса керек?

Роза Отунбаева: - Япониядагы “Сони” компаниясын негиздөөчүлөрдүн бири Масару Ибука “Үч жаштан кийин кеч” деген китеп чыгарды. Ал бир канча жылдык изилдөөлөрдөн кийин ушундай тыянакка келип, китеп жазып отурат. Дал ушул куракта балдардын үйрөнүүгө болгон кызыгуусу абдан жогору болот экен. Чоӊойгондо үйрөнүп алат деп балдарга кайдыгер карагандык коомчулуктун, ата-энелердин катасы экендиги далилденип отурат. Бул жаатта изилдөө жүргүзгөн окумуштуулар баланын үйрөнүүгө болгон кызыгуусу, интеллектисинин калыптануусу 7 жашка дейре 80% калыптанат деген пикирди айтып жатышат. Демек, бул тыянактарга көӊүл буруп, мектеп жашына чейинки балдарга өзгөчө көӊүл буруу мезгил талабы болуп турат, бул дүйнөлүк трендден артта калбастан бардыгыбыз аракет кылышыбыз керек. Ошондой эле Вальдорф педагогикасы (Вальдорфтук билим берүү – альтернативалуу педагогикалык система. Адамга табият тарабынан берилген жөндөмдүүлүккө, акылга, ал эми таанып билүүдө сезимтал мамиле кылууга, образдуу ойлонууга жана кошо түйшөлүүгө негизделет. Антропософиянын түзүүчүсү Рудольф Штайнер Вальдорф педагогикасынын негиздөөчүсү болуп саналат. Анын урматына система «штайнердик» же «вальдорф-штайнердик» деп да аталат. ) Бишкекте эле эмес, Баткенде да практикаланууда. Биздин фонд эки жарым жылдык мөөнөт менен Монтессоринин педагогикасы (Монтессоринин педагогикасы, ошондой эле Монтессоринин системасы деген ат менен да белгилүү болгон. XX кылымдын биринчи жарымында италиялык педагог, окумуштуу Мария Монтессори тарабынан сунушталган. Бул ыкма ар бир балага индивидуалдуу мамилени талап кылат: бала жеке өнүгүү ритмине жана багытына ылайык дидактикалык материалды жана сабактын узактыгын өзү тандайт. – А. Ж.) боюнча апаларды жана адистерди окутуп жатабыз. Адистер Москвадан чакыртылды, бул окуу И. Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университетинде өтүп жатат.

Шоокум: - Коомчулукта өзгөчө кыргыз тилиндеги балдар ырларына, балдардын ар тараптуу өнүгүүсүн камсыз кылган китептерге, каражаттарга болгон таӊсыктык күч экендиги айтылууда. Сиздин фонд тарабынан балдар ырларына конкурс жарыяланды. Сиздин күтүүлөрүӊүз кандай?

Роза Отунбаева: - Кыргызстандагы дагы бир чоӊ көйгөй – балдарга арналган ырлардын, китептердин жетишсиздиги. Бала бакчаларга барган учурда кичинекей балдарга Кыргыз Республикасынын Гимнин ырдатышат, бул – жакшы нерсе, бирок дагы да балдар ырларына, хорлоруна абдан таӊсыктык бар. Демек, бул багытта биздин балдарыбыз үчүн атайын жазылган ырлардын, чыгармалардын кеӊири топтомдоруна ээ болууга тийиш. Бул алардын ар тараптуу өнүгүшүнө өбөлгө түзмөкчү. Дүйнө жүзүндө балдар адабияты жанданып, балдардын табитине карата жасалган ар кандай оюнчуктар болобу, буюмдар болобу, чоӊ индустрия пайда болду. Бул багытта Кыргызстанда да чечкиндүү кадамдарды таштап, балдардын өнүгүүсү үчүн шарттарды түзгөнгө аракет кылышыбыз керек. Атайын демилге көтөрүп, республиканын алкагында балдар ырларына конкурс жарыяладык. Бул конкурска акындар, композиторлор жана чыгармачылыкка кайдыгер карабаган жарандар катыша алышат. Республиканын ар кыл аймагынан ырлар түшө баштады. Биздин бул иш-чарабызды АКШнын Огайо штатындагы мекендештерибиз колдоп, жеӊүүчүлөрдүн ырлары өзүнчө жыйнак катары чыгышына демөөрчүлүк кылышууда. Андан тышкары лауреаттарды Америкадагы, Түркиядагы, Австриядагы мекендештерибиз тосуп алып, ал өлкөлөрдүн тажрыйбалары менен тааныштыралы деп жатышат. Чет жерлердеги биздин мекендештерибиз буттан турушуп, мындай демилгени колдоп жатышканы да кубантарлык көрүнүш.

Шоокум: - Роза Исаковна, 18-19-майда сиздин фондуңуз тарабынан Билим фестивалы уюштурулуп жатат. Бул фестиваль кандай максаттарды көздөйт жана кимдер катышат?

Роза Отунбаева: - Кыргызстанда балдар Кыргызстандын калкынын жарымын түзсө, мектеп жашына чейинки балдардын саны 650 миӊге жетет. Азыркы ааламдашуу шартында биз балдарыбызга сапаттуу билим берүү менен гана алардын дүйнөлүк аренада өз ордун табуусун камсыздай алабыз. Сапаттуу билимге болгон талап барган сайын өсөт. Бул фестивалды өткөрүү менен биз бишкектиктерди жана Кыргызстандын жалпы элинин көӊүлүн билим берүүнүн маанилүүлүгүнө жана артылыкчылыктуу тармак экендигине көӊүлүн буралы деп жатабыз. Бул фестивалдын алкагында элүүдөн ашык иш-чара өткөрүлөт. Анда билим берүү кызматтарынын жарманкеси, ата-энелер менен адистердин жолугушуулары, билим берүүгө жана тарбияга байланышкан дебаттар, тегерек столдор, окутуунун инновациялык методдору, илимий-техникалык иштелмелерди даӊазалоо, балдар жазуучулары менен балдардын жолугушуулары, балдар китептеринин жарманкеси, балдар үчүн өнүктүрүүчү оюнчуктардын, эмеректердин көргөзмөсү сыяктуулар бар. Бардык кызыкдар тараптар менен кызматташууга даярбыз. Бул фестивалга областтардын жана шаарлардын өкүлдөрүн чакырабыз, алар өз кезегинде республика боюнча бул демилгени жайылтат деген ойдобуз.

Шоокум: - Роза Исаковна, бул жүргүзүп жаткан иштериӊиздин акыбети сөзсүз кайтып, өз баасын алат деген ишенимдемин. Эӊ негизгиси, мектеп жашына чейинки балдардын, “Шоокум” журналынын окурмандарынын атынан тереӊ ыраазычылык билдирем.

Маектешкен Асылбек Жоодонбеков

“Шоокум”, апрель, 2013-жыл

Бир гана сайтта катталгандар пикирлерин жаза алат. Эгер катталган болсоңуз, анда аккаунтуңузга кириңиз.
катталгандар гана колдонуучулар "ЖМКларга даттанууларды териштирүү комиссиясына" арыздана алат. Эгер сиздин аккаунтуңуз бар болсо, анда кириңиз.

Азырынча бир да пикир жок...