Акыркы макалалар

«Мамлекеттик ипотекалык компания январдын экинчи жарымынан баштап насыя бере баштайт»

Бул тууралуу бүгүн, 12-январда, Премьер-министр Темир Сариев КТРКнын “Биринчи радиосундагы” түз ободо угармандар менен баарлашууда билдирди.

Премьер-министр Темир Сариевдин айтымында, мамлекеттик ипотекалык компания мамлекеттик кызматта иштеген, турак жай сатып алууга же өзү жашаган жерди айлык акысы жетпегендиктен кеңейте албаганынан улам, алардын социалдык муктаждыктарын жоюу максатында түзүлгөн.

«Буга чейин өлкөдөгү көпчүлүк коммерциялык банктар ипотекалык насыяларды берип келген. Бирок, алардын үстөк пайызы өтө жогору болуп, берилген мөөнөтү аз жана каражатты АКШ доллары менен берген. Мындан улам, көпчүлүк турак жай алууну каалаган жарандар, каражатын жетиштире албагандыктан мындай шартта насыя алган эмес»-деди Т.Сариев.

Мамлекеттик ипотекалык компаниянын талаптары боюнча, эң арзаны 12% менен 15 жылга чейин улуттук валютада каражат берилет. Анда турак жай алган жарандар 70кв/м чейинки турак жайларды алууга мүмкүнчүлүгү бар. Ал үчүн мамлекеттик кызматта 3 жылдан кем эмес туруктуу иштеген, баштапкы пайызын төлөөгө мүмкүнчүлүгү бар жарандар болушу керек.

Бул жолу билим берүү, саламаттыкты сактоо тармагында иштегендерге басым жасалат. Мамлекеттик ипотекалык компаниянын кийинки этабында жергиликтүү өз алдынча башкаруу жаатында иштегендер алышат.

Белгилесек, каражатты мамлекет башка булактардан доллар менен алып, долбоорго кирген жарандарга сом менен берет. Ортодогу тобокелчиликти мамлекет өз жоопкерчилигине алат.

Түп нускага шилтеме : kabar.kg

Бир гана сайтта катталгандар пикирлерин жаза алат. Эгер катталган болсоңуз, анда аккаунтуңузга кириңиз.
катталгандар гана колдонуучулар "ЖМКларга даттанууларды териштирүү комиссиясына" арыздана алат. Эгер сиздин аккаунтуңуз бар болсо, анда кириңиз.

Азырынча бир да пикир жок...