Акыркы макалалар

Улуу Британияга кантип кетүүгө жана бизнес ачууга болот?

Улуу Британияга кантип кетүүгө жана бизнес ачууга болот?

Биз чет өлкөгө баарын таштап окууга, иштөөгө, жашоого, карьера кылууга, бала тарбиялоого, өзүн издөөгө жана башка үчүн кеткен адамдар тууралуу баяндамакчыбыз.

Жыл сайын жүздөгөн кыргызстандыктар биздин өлкөнү жакшы жашоо издеп таштап кетишет.Бул дүйнөнүн ар бурчуна тарап кеткен мекендештерибиздин баяны болмокчу. Алар чет өлкөгө барган кездеги кыйынчылыктары, башка менталитет, башка маданияттын өзгөчөлүгү жана башка мамлекетте кандайча ийгиликке жетүүгө боло тургандыгы тууралуу пикир бөлүшмөкчү.

Биздин бүгүнкү каарман Тамрико Душенова 5 жыл мурда Лондонго окууга кеткен, андан кийин курбу кызы менен бирге ал жерге өзүнүн бизнесин ачкан.

Улуу Британияга кантип кетүүгө жана бизнес ачууга болот?

Тамрико Душенова, 29 жашта, Лондон, Улуу Британия, FasTrack Education онлайн-консультация компаниясынын директору:

- Бишкекте мен Слявян университетин бүтүргөм жана бир нече жылдан кийин чет өлкөдөн окуумду улантууну чечтим. Окууга тапшыруу процесси узак болду, бирок өлкөдөн кетүү чечими убагында кабыл алынды. Мен Улуу Британия менен АКШдагы досторумдун үй-бүлөлөрүнө конокко барчумун, бул мага кайсы өлкөдө билим алууну чечүүгө көмөк берди.

Эки өлкөнү карап көрүп, мен Штаттар мен үчүн эмес экенин түшүндүм. Америкада Улуу Британияга таандык тарых, бай маданият, сезилбеген шарм жок. Мен кооз архитектураны, бай маданиятты, музейлерди аябай жакшы көрөм жана мунун баары АКШда албетте жок болчу. Ошентип кайсы өлкөнү тандай турганым анык болду.

Баруудагы кыйынчылыктар

Чет өлкөгө баруунун кыйынчылыгы балким эмне максатта кетип жатканыңызга байланыштуу болот. Менин максатым окуу болду. Окууга тапшыруу мен үчүн оор болду жана узакка созулду. Эгерде Кыргызстанда кайсы окууга тапшыра турганыңды тапшыра турган маалда араң чечсек, Улуу Британияда бир жыл мурда аныкташың керек. Көп убактым университет менен кат алышканга жана зарыл болгон документтерди топтоого кетти. Виза берүү дагы аябай чарчата турган процесс.

Лондонго келген кезимде өзүмө турак-жай таба албай көпкө жүрдүм. Станциядагы бир арзан мейманканада бир ай жашадым. Кайда барып, кимге кайрыларымды билбедим. Менин Лондондо тааныштарым жок эле. Менн жөн гана Интернетте табылган жарыялар боюнча чалып жаттым.

Улуу Британияга кантип кетүүгө жана бизнес ачууга болот?

Лондондо квартира табуу кыйын. Пайдасы жок аябай көп веб-сайттар бар. Ушундай пайдасыз веб-сайттарга көп убактым короду. Бул аябай кыйын болду. Айрыкча сиздин Улуу Британияда банк эсебиңиз жана таанышыңыз жок болсо бул кыйын. Ижарага бергендин баары financial guarantor, тактап айтканда Улуу Британияда сизге кепил боло турган киши барбы деп сурашат.

Лондондун университеттеринде жатакана деген сейрек болот.Эгер бар болсо ага акча төлөш керек. Лондонго келе жаткан болсоңуз, бул аябай эле кымбат шаар экенин жана дегеле өлкөдө каржыңызды жакшылап эсептөө керектигин көңүлгө алганыңыз жөн. Эгерде окууңуз үчүн стипендия беришсе бул жакшы болот. Стипендия болбосо иштөөгө туура келет. Мен университеттен бир аз стипендия алчумун.

Адистигим MSc Hospitality Вusiness Мanagement болчу. Мен эл аралык мейманканалар түйүнүндө иштегим келгендиктен ушуну тандагам. Бирок университетти бүткөндөн кийин менин жолум башка болорун түшүндүм. Ошентсе дагы тандап алган кесибим үчүн өкүнбөйм. Окуган кезде алган баардык билимим бизнесимди башкарууга пайдасы тийди. Эгерде сиз мейманкана бизнесин жакшы жүргүзүп кете алсаңыз, анда баардык бизнести мыкты алып кете аласыз. Негиздери бир эле.

Идея

Магистратураны бүтүргөндөн кийин мен өзүмдүн университетимде кабыл алуу комиссиясында иштеп калдым жана студенттерден билдирүүлөрдү кабыл алдым. Андан соң мени иммиграциялык бөлүмгө которушту, ал жерде студенттик виза жана документ толтуруу менен иштечүмүн.

Улуу Британияга кантип кетүүгө жана бизнес ачууга болот?

Иштеген учурда көпчүлүк чет элдик студенттер бир кезде мен бет келишкен маселелер менен бет келишерин түшүндүм. Эрежелер көп, бул жаатта университтер дагы катуу. Бир учурда башыма бул процессти башка студенттер үчүн жеңилдетүүгө эмнеге болбосун деген ой келди, анткени мен баардык талаптарды, академиялык дагы, иммиграциялык дагы талаптарды дагы билип калгам. Ошентип бизнес үчүн идея пайда болду.

Адегенде бизнес-шерик керек болду, анткени жалгыз өзүм бул идеяны ишке ашыруу үчүн аябай кыйын болорун түшүндүм. Бир кезде Лондонго бирге окууга келген курбу кызым Royal Bank of Scotland компаниясында иштеп жаткан, мен ага бул идеям тууралуу айттым, ал кызыгып калды. Биз мурда иштеген жерибизден иштен бошодук да, бизнес-идеяны ишке ашырууга кириштик. Ошентип онлайн-консультация бере турган FasTrack Education компаниясы түптөлдү.

Улуу Британияга кантип кетүүгө жана бизнес ачууга болот?

Биз бизнес бизге гана киреше алып келбей студенттерге дагы пайда бериши керек деп чечтик. Ошондуктан биздин тейлөөгө студенттер эмес, Улуу Британиядагы окуу мекемелери акча төлөшөт. Биз программаны жана окуу жайды тандап алууга көмөк беребиз, башынан аягына чейинки процесстерге визадан тартып, Улуу Британияга келгенге чейинки процесстерге жардам беребиз. Университтерге бул абдан ыңгайлуу анткени алар толук документтери бар даяр студенттерди алышат.

Улуу Британияда тандоо көп, жүздөн ашык университеттер бар, ошондуктан университеттердин өзгөчөлүгүн билбей туруп кайсынысын тандоо кыйынга турат. Биздин компания чыны менен аябай көп каражатты үнөмдөөгө көмөктөшөт, ошондой эле биринчи жолу бизге келген студенттер үчүн биринчи байланыша турган адамдары дагы биз болобуз.

Бизнести алып баруу

Бир жагынан алганда Улуу Британияда бизнес алып кетиш оңой, анткени баары так жазылган. Менин көз карашымда Кыргызстанда бир беткей талап болбогон үчүн маселе жаралат.Бул жерде тескерисинче баары башынан аягына чейин так көрсөтүлгөн.

Ошого карабай бул жеңил эмес. Айрыкча иммиграт үчүн. Бул жерде окуп, иштеп, анан бизнес иштетиш кыйын жана мунун баарына виза берилет. Өлкөдө жүргөнүң дайыма негиздүү болушу керек.

Улуу Британиянын жарандары үчүн бизнес жүргүзүүгө баардык шарттар түзүлгөн, чөйрө жагымдуу. Ал эми иммигрант үчүн бул 10 эсе оор. Сиз иммиграциялык кызматка бизнес чыны менен татыктуу жана өлкө экономикасына пайда алып келе турган бизнес экенин далилдешиңиз керек. Бизнес-план жазып жана аябай көп документтердин пакетин топтоого тийишсиз. Борбор Азиядан айырмаланып бул жерде "айланма жолдор" жок. Баарын өз убагында так бүтүрүшүңүз керек. Эч качан кандайдыр бир тез бүтүрө салуу деген нерсе болбойт. Жана иммигранттын көзү менен алганда бул өлкө бизнес үчүн жакшы деп айтпайт элем.

Жумуш жөнүндө

Биздин ишибиз ачылганына болгону бир жарым жыл болду. Бизнес үчүн бул анча чоң эмес мөөнөт. Биринчи жыл негиздерди түптөөгө кетет, эч кандай киреше тууралуу кеп дагы болушу мүмүкүн эмес. Биз өз ишибиз чындыгында студенттер үчүн пайдалуу деп эсептейбиз жана азыркы учурда компаниянын ишине ыраазыбыз.

Улуу Британияга кантип кетүүгө жана бизнес ачууга болот?

Азыр бизнес жүргүзүү кыйынбы? Кыйынчылык баардык жерде бар. Бир айдан кийинби же бир жылдан кийинби же он жылдан кийинби. Бизнес дайыма өнүгөт, жаңы баскычка өтөт жана кандайдыр бир кыйынчылыктар менен коштолуп турат. Дайыма жаңы нерселерди үйрөнүүгө туура келет.

Мен өзүмдү эч качан бизнес-леди катарында көрчү эмесмин жана ишкерлик сапаттарым бар деп ойлогон эмесмин. Бирок азыр мен үчүн азыр бизнесим баламдай эле болуп калды.

Акча тууралуу

Лондон дүйнөдөгү эң кымбат шаарлардын бири жана каржы маселесинде бул жерде олуттуу болуш керек. Кандай суммада жашайсыз- бул сиздин жашоо образыңыздан көз каранды. Мен эгерде спартандык шартта жашоого даяр болсоңуз болгону бир айда бир нече фунтка гана жашоого болорун билем.

Улуу Британияга кантип кетүүгө жана бизнес ачууга болот?

Биз акчаны эркин коротуучу баскычка жете элекпиз. Биздин бизнес жаңы гана өнүгүүдө жана бул сизди миллиардер кыла турган бизнес эмес. Бул кезектеги Facebook же Instagram эмес. Бирок мындай максатты дагы алдыга койгон эмеспиз.

Таңкалыштуу жери британиялыктар карьера курууда же бизнес ачууда анчалык дымактуу эмес. Эң эле активдүүлөр бул жакка келгендер жана өлкөдө артыкчылыгы жоктор эсептелет. Улуу Британия бул үлкөн иммигранттардын өлкөсү. Лондондо мен эч качан өзүмдү бөлөк адам катары сезбейм, мен-көп улуттуу шаардын бир бөлүгүмүн.

Эл жөнүндө

Ачыгын айтсам британиялыктар мага абдан жагат. Алар биринчи кезекте аябай сылык, тарбиялуу жана ал тургай кандайдыр бир деңгээлде уялчаак калк десем болот. Мен биринчи келген кезде көчөдө жүргөн кезде адамдар дайыма жардам беришчү. Мен дайыма колума карта көтөрүп жүрчүмүн. Ал тургай бизнес-кийимчен адамдар токтоп, жумушка шашылып бара жатканына карабай "Эмне жардам керек?",-деп сурашчу.

Жана мага баарынан Улуу Британия жагат, мен бул жерден өзүмдү коопсуз сезем.Кыргызстандан дагы коопсуз, ал тургай Европанын башка өлкөлөрүнүн дагы коопсуз сезинем.

Мекендештер

Кыргызстандыктар россиялыктар жана казактарга караганда бул жерде сезилерлик аз, бирок алар бар. Негизи бөлүгүн түзгөндөр-15-20 жыл мурда көчүп келген үй-бүлөлөр бар. Окууга келгендер бар. Мен азыр баары менен байланышканга аракет кылам жана жаңы студенттерди "жергиликтүү" кыргызстандыктарга кошууга аракет жасайм.

Жаштар негизинен окууга келишет. Иммиграциялык режим акыркы учурларда аябай эле өзгөрүлүп кетти. Бир кезде башка курсттарга жеңил эле барууга же Улуу Британияда көп жыл калууга болот эле. Азыр мындай кылыш кыйын.

Улуу Британияга кантип кетүүгө жана бизнес ачууга болот?

Кыргызстанга кайтып барууга азырынча шашкан жокмун, бирок бир жылда бир ирет туугандарыма барып турам. Лондон азыркы учурда менин үйүм болуп калды. Мен бул жерге менталитет жана маданият үчүн келгем жана көңүлүм калган жок деп айта алам. Артка кылчайып карап бул менин турмушумдагы эң туура чечим болгонун түшүнөм.

Түп нускага шилтеме : www.vb.kg

Бир гана сайтта катталгандар пикирлерин жаза алат. Эгер катталган болсоңуз, анда аккаунтуңузга кириңиз.
катталгандар гана колдонуучулар "ЖМКларга даттанууларды териштирүү комиссиясына" арыздана алат. Эгер сиздин аккаунтуңуз бар болсо, анда кириңиз.

Азырынча бир да пикир жок...