Акыркы макалалар

Мектеп окуучулары үчүн кошумча 100 китептин тизмеси даярдалып жатат

Мектеп окуучулары үчүн кошумча 100 китептин тизмеси даярдалып жатат

Мектеп окуучулары үчүн окуу программасынан тышкары алардын дүйнө таанымын кеңейтип, билимин тереңдете турган 100 китептин тизмеси даярдалып жатат. Бул туурасында демилгечи “Диалог Евразия” коомдук фондунун төрагасынын орун басары Бакытбек Абдуллаев Марал радиосуна билдирди. Анын айтымында, мектеп окуучулары үчүн сабактан тышкаркы окуй турган эне тилдеги 100 китепке балдар адабияты, жомоктор, ырлар, дастандар, аңгемелер, роман жана поэма, публицистика, тарыхый романдар, дүйнөлүк адабий классикадан тандалмалар, инсандык жеке сапаттарды өнүктүрө турган психологиялык китептер кирет. “Учурда 70ке жакын китептин тизмеси келип түштү, сунуштар 1 - майга чейин кабыл алынат. Сунуштарды кабыл алуу мөөнөтү аяктаган соң “Диалог Евразия” коомдук фондунун 23 кишиден турган улуттук кеңеши 100 китептин тизмесин аныктайт”, - дейт Б.Абдуллаев.

Бул материалды кененирээк аудио форматында http://www.maralfm.kg сайтынан уга аласыздар

Түп нускага шилтеме : www.maralfm.kg

Бир гана сайтта катталгандар пикирлерин жаза алат. Эгер катталган болсоңуз, анда аккаунтуңузга кириңиз.
катталгандар гана колдонуучулар "ЖМКларга даттанууларды териштирүү комиссиясына" арыздана алат. Эгер сиздин аккаунтуңуз бар болсо, анда кириңиз.

Азырынча бир да пикир жок...