Акыркы макалалар

«Сүтак» тасмасы Оскар алчудай сүйүндүк

«Сүтак» тасмасы Оскар алчудай сүйүндүк

Өткөн жылдарга караганда кыргыз киносу бир топко азайганы көрүндү. Бул да жаман эмес. Киночуларыбыздын пикири боюнча сандан-сапатка өтүп баратабыз. Бирок мен буга кошула албайм

Быйылкы тасманын көбү эсте калган жок

Мына ошентип 2015-жыл да аяктап калды. Бул жылды узатып жатып, жарыкка чыккан тасмалардын баарын сиздер менен чогуу эстеп көрүүнү чечтим. Албетте, 2015-жыл бизге сунуштаган тасманын баарын, белгилүү себептер менен көрө албасаңыздар керек. Ошентсе да, акыркы жылдары кыргыз киносунун алдыга кадам таштап, өнүгүп келатканына байланыштуу канча жана кандай тасмалар жарыкка чыкканын ар бир кыргыз атуулу билгиси келсе керек. Быйылкы тизме өтө деле узун болгон жок. Менин эсебим боюнча жыйырмадан ашык тасма жарыкка чыгыптыр. Бул өткөн жылдарга караганда кыргыз киносу бир топко азайганын көргөзөт. Бул да жаман эмес. Киночуларыбыздын пикири боюнча сандан-сапатка өтүп баратабыз. Мен деле ушул пикирдемин. Бирок 2015-жыл алар айткандай, саны менен эле айырмаландыбы же сапаты менен дагыбы? Буга чогуу саресеп салсак:

2015-жыл быссымылда дегенде эле «Биртууганчик» тасмасы менен башталды. Албетте, бул тасманы «искусствонун туу чокусу» дей албайбыз, бирок кино эрежелерин туура колдонуп, туура багытта алып кеткендиги үчүн «Биртууганчикти» алдыга карай кадам катары эсептесек болот. Ал эми өкүнүчтүү жагы, “Биртууганчиктен» кийин кыргыз киносунда эч кандай өзгөчөлүк болбоптур. «Рай 604» жана «Кекеч» тасмалары үмүт берип, көрүүчүлөрдү кызыктыргандай болду эле, анткени менен анда деле таң калтыра турган эч нерсе жок болуп чыкты. Ошондон улам, алар деле катардагы чыгып жүргөн «Убактылуу жигит», же «Ботан жана Купидон», «Поларис шооласы», «Соолуган гүлдөр 2» деген сыяктуу кинолордун арасына кошулуп, унутулуп жок болду. Ошентип жүрүп жаз да келип калды. Бул убакта да далай тасмалар жарыкка чыкты. Бирок тилекке каршы, ал тасмалар качан чыгып, качан жок болгонун эч ким байкаган жок. Айтмакчы, өзүбүз билгендей жаз менен жай мезгили кыргыз киночуларына жагымдуу маанай тартуулабайт. Себеби, бул мезгил кыргыз киносу үчүн өлүк сезон катары эсептелинет.

Техника баарын чечпейт тура

Күздүн келиши менен эс алуулар аяктап, жаңы окуу жылы башталат. Айыл-аймактардан окуучулар, студенттер келип, кыргыз киносу кайра жанданууга өтөт. Парламенттик шайлоо жакындап калганына байланыштуу жылдын жаңы сезонун «Шайлоо-Жайлоо» тасмасы ачты. Бирок тилеке каршы, чыныгы шайлоо элди кызыктырып, «Шайлоо-Жайлоого» алып келмек түгүл, тескерисинче, бекер концерттери менен көрүүчүлөрдү алаксытып кетти. Албетте, бул негизги себеп эмес. Сапаттуу тасма ар дайым өзүнө көрүүчүнү тарта алат. «Шайлоо-Жайлоо» болсо көрүүчүлөрдү кызыктыра алган жок. «Шайлоо-Жайлоонун» артынан «Сапар» (Путь) тасмасы жарыкка чыкты. Башкалардан кем калбай, «Сапар» дагы кинотеатрлардан бир кылтыйып жылт этип жок болду. Болбосо бу «Сапар» (Путь) тасмасынын маселеси өтө эле чоң. Негизи ал техникалык жактан жогорку деңгээлде, профессионалдык кинотехника менен тартылган. Айтмакчы, «Сапар» тасмасы менен акчанын жоктугу, профессионалдык техникалардын жетишсиздиги негизги маселе эмес экенин көрдүк. Андагы дагы бир маселе, тасманын орус тилинде болгондугу. Албетте биз бала кезден Голливуддун, Орусиянын кинолорун көрө берип таасирленип калганбыз. Орус тилдүү кино жакшыраак тартылгандай сезилет. Бирок орус тилинде тартылган кандай кино болбосун, сызга отурат. Анткени кыргыз киносуна көрүүчүлөр кыргызча кино көрүш үчүн барат.

Күздө бир аз молчулук байкалды

Негизи эле күз мезгилинде Кыргыз киносу өтө жандуу болот. Бул жагынан 2015-жыл дагы башка жылдардан айырмаланган жок. «Сапар» тасмасынын артынан биздин алдыңкы режиссёрлорубуздун бири Актан Арым Кубаттын уулу Мирлан Абдыкалыковдун «Сүтак» тасмасы экрандарда пайда болду. «Сүтакты» Оскарга чейин жөнөтүп, узун тизмедеги 100 тасманын арасына киргенин айтып бүтпөй, эртең эле Оскар алчудай сүйүндүк. Бирок канчалык Оскарга жармашканына карабай, биздин эл бул тасманы баалап, кинотеатрларды толтуруп берген жок.

Күзгү сезонду «Көпөлөк» тасмасы көрүүчүлөрдү ыйлатып отуруп жыйынтыктады. Көптөн бери ээнсирей түшкөн кинотеатрларды жандандырып, көрүүчүлөрдү кызыктыра алды. Азыркы күндө «Учкуч» менен «Курут» тасмалары «Көпөлөк» менен эрегишип турган кези. Ошентсе дагы, жылдын башындагы «Биртууганчиктин» көлөкөсү созулуп келип «Көпөлөкө» токтогондой сезилет.

Быйыл көрүүчүлөрдүн жылы болду

2015-жылдын Кыргыз киносундагы мөмө-жемиши ушундай экен. Бул жылы сандын азайганы сапатты жогорулата алдыбы? Менин оюмча кыргыз киносу бул жылы алдыга кадам таштай алган жок. Кээ бир тасмалардын өзгөчөлөнгөнү гана болбосо, сапаты жагынан 2014-жылдын кинолорунан айырмаланбайт. Тагыраак айтканда, Кыргыз киносуна бул жыл тыныгуу жылы болду окшойт. Ал тургай, 2015 киночулардын эмес, көрүүчүлөрдүн жылы болду. Себеби, быйыл алар кино тандаганды үйрөндү. Жөн гана кыргыз киносу дей бербей, сапатына, маани-маңызына карап тандап калышты. Буюрса, 2016-жылы кыргыз киночуларын сапаттуу көрүүчүлөр күтүп турса керек. Ошондуктан көрүүчүлөрдүн тилектерин орундатып, жаңы жылда жаңы дем менен жаңы кинолорду баштайлы.

2015-жылдын тасмалары: (Кээ бир тасмалар тизмеге кирбей калса кечирим сурайм)

“Биртууганчик”, Рай 604”, “Кекеч”, “Орхидея”, “Соолуган гүлдөр 2”, “Убактылуу жигит”, “Жапайы селки”, “Поларис шооласы”, “Ботан жана Купидон”, “Быйыл сөзсүз күйөөгө тием 3”, “Туугандар” “Кырдагы кыял”, “Аялдын бакыты”, “Асман алдында”, “Шайлоо-Жайлоо”, “Сапар” (Путь), “Сүтак”, “Напарниктер”, “Абысындар”, “Көпөлөк”, “Учкуч”, “Курут”, “Аймак 13” (бул тасма кинотеатрлардан көргөзгөнгө тыюу салынгандыгы үчүн жарыкка чыкпай калды).

Түп нускага шилтеме : saresep.kg

Бир гана сайтта катталгандар пикирлерин жаза алат. Эгер катталган болсоңуз, анда аккаунтуңузга кириңиз.
катталгандар гана колдонуучулар "ЖМКларга даттанууларды териштирүү комиссиясына" арыздана алат. Эгер сиздин аккаунтуңуз бар болсо, анда кириңиз.

Азырынча бир да пикир жок...