Акыркы макалалар

Азия футбол конфедерациясынын рейтингинде Кыргызстан 13-орунду ээледи

Футбол боюнча Кыргызстандын курамасы FIFA рейтингиндеги рекордун жаңылап, бир тепкич жогорулап, 107-орунду ээледи. Бул тууралуу КР Футбол федерациясы билдирди.

Александр Крестинин машыктырган КРдин футбол командасы декабрь айындагы FIFAнын рейтингинде 108-орунга татыган. Бул көрсөткүч менен улуттук курама команда 2006-жылкы 119-орундан 11 орун алдыга жылган.

2015-жылдын декабрь айынан 2016-жылдан 7-январына чейин КР улуттук командасы расмий матчтарды өткөргөн эмес. Рейтингдин жогорулоосу Түштүк Кореянын өз ордун (2015-жылдын 3-декабрындагы рейтингде 105-орунда болчу) сактап кала албай калышы себеп болгон.

2018-жылы боло турчу Футбол боюнча дүйнөлүк чемпионаттын тандоо турларында Кыргызстандын атаандашы болгон Австралия 59-орунда, Иордания 86-орунда жана Тажикстан 148-орунду ээлеген. Ал эми Бангладеш өз көрсөткүчүн 3 орунга жакшыртып, 179-орунга татыды.

Айдын эң мыкты курама командасы болуп Тайланддын командасы табылды. Ал 12 орун жогорулап, 121-орунга илинди. Ал эми эң начар деп Кубанын командасы аталды. Алар 45 орун төмөндөп кеткен (136-орун).

Азия футбол конфедерациясынын рейтингинде Кыргызстан 13-орунду ээледи.

Түп нускага шилтеме : saresep.kg

Бир гана сайтта катталгандар пикирлерин жаза алат. Эгер катталган болсоңуз, анда аккаунтуңузга кириңиз.
катталгандар гана колдонуучулар "ЖМКларга даттанууларды териштирүү комиссиясына" арыздана алат. Эгер сиздин аккаунтуңуз бар болсо, анда кириңиз.

Азырынча бир да пикир жок...