Акыркы макалалар

Манасчы Саякбай Каралаевге арналган энциклопедия жарык көрөт

Залкар манасчы Саякбай Каралаевдин энциклопедиясы чыга турганын Илимдер академиясынын вице-президенти Абдылдажан Акматалиев билдирди.

Анын айтымында, китеп Илимдер академиясы менен "Саякбай манасчы" коомдук фондусу менен биргеликте иштелип чыгууда.

"Китепте Саякбай Каралаев боюнча маалыматтар, өмүр баяны, чыгармачылык жолу жана өзү айткан "Манас" эпосундагы сөздөрдүн түшүндүрмөсү камтылат", — деди Акматалиев.

1-1,5 миң беттен тура турган энциклопедия 1000 нуска менен февраль айында жарыкка чыгышы күтүлүүдө.

Түп нускага шилтеме : saresep.kg

Бир гана сайтта катталгандар пикирлерин жаза алат. Эгер катталган болсоңуз, анда аккаунтуңузга кириңиз.
катталгандар гана колдонуучулар "ЖМКларга даттанууларды териштирүү комиссиясына" арыздана алат. Эгер сиздин аккаунтуңуз бар болсо, анда кириңиз.

Азырынча бир да пикир жок...