Акыркы макалалар

“Мутакаллим” коомдук кыймылы жана Муфтият балдарды эмдетүүнү колдойт

Балдарды эмдетүүнүн пайдалуулугу боюнча буклеттерди чыгардык. Республиканын аймактарындагы дин аалымдарын, дин кызматкерлерин чогултуп тренинг өткөрдүк”-деди “Кабар” агенттигине “Мутакаллим” коомдук кыймылынын төрайымы Жамал Фронтбек кызы.

Анын айтымында, тренингдерге медиктер келип балдарды эмдетүүнүн пайдалуулугу жаатында далилдерди келтирип айтып беришти. Аялдар да өздөрүнчө чыкырылып, аларга да тренингдер өткөрүлдү. Мындан тышкары Кыргызстандын аймактарында флеш-мобтор уюштурулду.

“Балдарды эмдетүүдө туура эмес көз караштардан арылуу керек. Эл арасында тетири талкуулар болуп жатат. Буга бөгөт коюу зарыл. Былтыр да балдар кызамык менен көп оорушту. Ооруп жаткан балдарды көрүп жүрөгүм ооруду. Карап көрсөк бейтапканаларда 70 пайыз жоолукчан аялдардын балдары жатышат. Врачтардын айтымында 2 айга чейин балдар кызамык менен оорубаш керек эле. Бирок, 6-7 жумалык наристелер да ооруп калып жатышат. Себебин врачтардан сураганымда, алардын апалары да өз убагында эмдөөдөн өтпөй калса, жаңы төрөлгөн наристелери кызамыкка кабылып каларын, бир жашка чейинки ымыркайларды милдеттүү түрдө эмдөө кызамык, шал ооруларын алдын аларын айтышты”-деди ал.

“Бул көйгөйдөн арылуу үчүн балдарды эмдетүү зарыл экендигин Муфтият менен биргеликте эл арасында түшүндүрүү иштерин жүргүзүүдөбүз. Муфтийдин орун басары Равшан ажы өзү роликке тартылып, балдарды эмдетүүнүн зыяны жоктугун, пайдалуу гана экендигин айтып берди. Адамдар динге киргенде фанат болуп, түшүнүп, түшүнбөй эле жасай беришет. Түшүндүрүү үчүн убакыт талап кылынууда. Мектептерге дин таануу сабактары кирип калса, адамдар диний билимдүү болуп жаман-жакшыны ылгап башташат”-деп кошумчалады Ж. Фронтбек кызы.

Белгилей кетсек, республикалык Иммунопрофилактика борборунун маалыматына ылайык, Кыргызстанда диний көз караштан улам баласын эмдетүүдөн баш тарткандар 6000 чамалуу экендиги, бүгүнкү күндө Талас облусунда эле балдарын эмдетүүдөн баш тарткан ата-энелердин саны 261ге жеткени, ата-энелер вакцинациядан баш тартуусун диний көз караштарына байланыштырып жатышканы, ал эми былтыр аталган облус боюнча кызамык менен 500дөй адам ооруганы, алардын көпчүлүгү көп жылдан бери эмдөө албаган бир жашка чейинки балдар болгондугу ЖМКларга жарыяланган.

"Кабар-Пресс" мамлекеттик маалымат кызматы

Түп нускага шилтеме : www.kabar.kg

Бир гана сайтта катталгандар пикирлерин жаза алат. Эгер катталган болсоңуз, анда аккаунтуңузга кириңиз.
катталгандар гана колдонуучулар "ЖМКларга даттанууларды териштирүү комиссиясына" арыздана алат. Эгер сиздин аккаунтуңуз бар болсо, анда кириңиз.

Азырынча бир да пикир жок...