Акыркы макалалар

Эксперт Б.Мамбетов: “Бул кыштан электр энергиясын болушунча өндүрүү менен гана чыгууга болот”

Эксперт Б.Мамбетов: “Бул кыштан электр энергиясын болушунча өндүрүү менен гана чыгууга болот”

Бул кыштан мүмкүн болушунча электр энергиясын өндүрүү менен гана чыгууга болот. Бул тууралуу “Кабар” агенттигине энергетика тармагы боюнча эксперт Базарбай Мамбетов билдирди.

“Үстүбүздөгү жылдын 28-декабрь күнү Токтогул ГЭСинде авария болгондугүна байланыштуу №4-агрегаттын трансформаторунан чыккан кабель жабыркады. Мунун кесепетинен суткасына 7 миллиондон ашык киловатт-саат электр энергиясын иштеп чыгарган төртүнчү агрегаттын иши бүгүнкү күндө токтоп калды. Буга “Электр энегия” АККтын компаниясынын жетекчилери жооп бериши керек. Ошондой эле буга чейин бийлик башындагылар жаштарды бул тармактын жетекчилигине алып барганы менен алардын бул тармакта жетиштүү тажрыйбасы жоктугуна байланыштуу алар энергетика тармагында эч кандай иш кыла алышкан жок. Башкача айтканда, Акаевдин учурунда Бишкектеги Политехникалык университеттен келген мугалимдер ГЭСтерди реконструкциялоо керектигин алар ойлонуп да коюшкан эмес. Тактап айтканда, акыркы 25 жылда ГЭСтерди реконструкциялоо үчүн биз бир млрддан ашык каражат жумшаганбыз. Бирок, энергетика тармагындагы жетекчилердин жетиштүү деңгээлде тажрыйбасы жок болгондуктан, ГЭСтерди реконструкциялоо иштери аягына чыкпай келген. Мунун кесепетин бүгүнкү күндө тартып жатабыз”,- дейт Б.Мамбетов.

“Ошондой эле энергетика министрлиги 10 жыл мурун эле туура эмес түзүлгөн. Башкача айтканда, 10-15жыл мурун эле биз энергетика министрлигин түзбөстөн, энергетикалык холдинг түзүп, 6 энергетикалык компаниянын 15 пайыз акциясын энегетикалык холдинг компаниясына бериш керек болчу. Ошондо алар мындай ишке жооп беришмек. Азыр бийлик элге энергетикалык холдинг түзөбүз деп айтып коюп, бүгүнкү күндө ал боюнча эч кандай кыймыл жок. Ошондой эле учурда бизде электр энергиялык кризис болгон жок, бул тармакты башкарууда кризис болуп жатат. Ал эми бул кышта элди электр энегиясы менен камсыздоо үчүн Казакстан менен Тажикстандан сатып алалык десек, алар бизге электр энегриясын сата албастыгын билдирген экен. Мындан улам бизге жетиштүү электр энергиясын өндүрүү үчүн канча суу керек болсо, ал сууну гидроагрегаттар, гидротүтүкчөлөр аркылуу кое берип, мүмкүн болушунча электр энергиясын өндүрүү менен гана кыштан чыга алабыз. Ал да жетиштүү болбосо, анда маал маалы менен электр энергиясын өчүрүүгө туура келет”,- деп кошумчалады ал.

Эскерте кетсек, Токтогул ГЭСиндеги кабелдерде май тамганынан улам, үч генератор токтоп турат. Мындан улам өлкөдө электр энергиясын берүүгө чектөө киргизилери айтылууда.

“Кабар-Пресс” мамлекеттик маалымат кызматы

Түп нускага шилтеме : kabar.kg

Бир гана сайтта катталгандар пикирлерин жаза алат. Эгер катталган болсоңуз, анда аккаунтуңузга кириңиз.
катталгандар гана колдонуучулар "ЖМКларга даттанууларды териштирүү комиссиясына" арыздана алат. Эгер сиздин аккаунтуңуз бар болсо, анда кириңиз.

Азырынча бир да пикир жок...