Акыркы макалалар

Сочиде спорт журналисттердин Эл аралык конгресси жыйынтыкталды

Сочиде спорт журналисттердин Эл аралык конгресси жыйынтыкталды

Сочиде спорт журналисттеринин эл аралык ассоциациясынын 76 - конгресси жыйынтыкталып, ага 113 өлкөнүн спорт журналисттери катышкан. Конгресстин катышуучулары Сочидеги жана шаардан 40 - 50 км аралыктагы “Красная поляна” эс алуу аймагында курулуп бүткөн спорт имараттары менен таанышып, 2014 - жылкы кышкы олимпиадалык оюндарга Сочи даяр экенин, айрым гана имараттары дагы деле курулуп жатканына күбө болушту. Жыйынга катышып келген спорт баяндамачы Кабыл Макешов “Марал” радиосуна кеңири маалымат берди. Кабыл Макешовдун айтымында, жыйында эл аралык ассоциациясынын жетекчилерин кайра шайлоо болду. Президент болуп, Италиялык Джанни Мерло кайрадан бир добуштан шайланды. Мындан тышкары, дагы 4 вице - президент жана аткаруу комитетинин 13 мүчөсү шайланды. Интернетте, гезит, телерадиодо спортту чагылдыруунун заманбап ыкмалары тууралуу да сөз болуп, спорт журналистикасына кыз - келиндерди көбүрөөк тартуу тууралуу айтылды. Себеби бул багытта иштеген аял журналисттердин саны өтө аз болгон. Мисалы, быйылкы конгресске келгендердин арасында 4, 5и гана аялдар дейт Макешов. Конгрессте 2020 - жылкы жайкы олимпиадалык оюндардын программасынан күрөштү алып салуу боюнча Эл аралык олимпиада аткаруу комитетинин чечими дагы талкууга алынып, күрөштү олимпиадалык оюндардан чыгарбай сактап калуу демилгеси көтөрүлдү. Ошентип, 2014 - жылы спорт журналисттеринин Эл аралык бирикмесинин 77 - конгресси Бакуда өтмөк болду.

Бул материалды кененирээк аудио форматында http://www.maralfm.kg сайтынан уга аласыздар

Түп нускага шилтеме : maralfm.kg

Бир гана сайтта катталгандар пикирлерин жаза алат. Эгер катталган болсоңуз, анда аккаунтуңузга кириңиз.
катталгандар гана колдонуучулар "ЖМКларга даттанууларды териштирүү комиссиясына" арыздана алат. Эгер сиздин аккаунтуңуз бар болсо, анда кириңиз.

Азырынча бир да пикир жок...