Акыркы макалалар

«Шагылы болбой жер болбойт, шайыры болбой эл болбойт»

«Шагылы болбой жер болбойт, шайыры болбой эл болбойт»

«Дордой ассоциациясы» жана «Балтаттуу» бейөкмөт уюмунун колдоосу менен он алты жылдан бери жыл сайын жаз айларында салт катары үзгүлтүксүз өткөрүлүп келе жаткан «Жаш таланттар» кароо-сынагы быйыл да жогорку уюшкандыкта өткөрүлүп, жаш өнөр ээлеринин шыгына шык кошуп, искусствонун сыйкырдуу дүйнөсүнө шилтенген кадамдарындагы тушоосун кести.

12-13-апрель күндөрү Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн аппаратынын, «Дордой ассоциациясы» жана «Балтаттуу» бейөкмөт уюмунун, Нарын облустук балдардын билим борборунун уюштуруусу менен «Иштерман» жылынын алкагында Нарын шаарында өткөрүлгөн үчүнчү республикалык «Жаш таланттар-2013» кароо-сынагына Чүй облусунан, Бишкек шаарынан жана Нарын облусунун булуң-бурчунан келген 400дөн ашык талант ышкыбоздору катышып, манас айтуу, улуттук аспаптарда ойноо, дастан айтуу, вокал жана бий жанрлары боюнча өнөрлөрүн сынга койду.

Кароо-сынактын иши Нарын шаарындагы Жаштар үйүндө, Балдардын билим берүү борборунда жана М.Рыскулов атындагы академиялык музыкалуу драма театрында бир мезгилде жүрүп, мындай шарт балдардын убакытын үнөмдөөгө өбөлгө түздү.

Өнөр сынагынын калыстар тобу «Манас-мурас» коомдук фондунун жетекчиси, белгилүү манасчы Рысбай Исаков, эстрада ырчысы, композитор Жамиля Муратова, К.Молдобасанов атындагы консерваториянын профессору, музыкант Чоробек Шалтакбаев, хореограф Айнура Эшимбекова, Айтбек Муканбетов, Садыркул Нурмамбетов, Жумагүл Төлөкова, Кенжегул Мендебаиров сыяктуу өнөрдү бийик тутунган профессионал адамдардан туруп, балдардын таланты калыс бааланды.

Эртеси М. Рыскулов атындагы академиялык музыкалуу драма театрында жаш таланттардын корутунду концертинин коштоосунда сынактын жыйынтыгы чыгарылып, салтанаттуу сыйлоо аземине кезек берилди.

-Биз жыл сайын жаз келгенде ыйык жергебизге келип жаш таланттар менен жолугушууну салт кылып алганыбызга чын жүрөгүбүздөн өзүбүздү бактылуу сезебиз,-деп белгиледи кароо-сынактын уюштуруучусу, «Балтаттуу» бейөкмөт уюмунун төрайымы, саясий илимдердин доктору, Нарын облусунун Ардактуу атуулу, Дипломатиялык академиянын профессору Гүлмира Мамбеталиева. -Ушул ыр майрамы биздин облусубузда 16 жылдан бери үзгүлтүксүз өткөрүлүп келе жатат. Кыргызда «шагылы жок жер болбойт, шайыры жок эл болбойт» деген кеп бар эмеспи. Анын сыңарындай ар жылы кароо-сынак өткөрүп атып биздин Нарын жергеси талантка бай экенине дайыма ынанып келебиз. Быйылкы жыл Президенттин Жарлыгы менен «Иштерман» жылы деп аталды. Бүгүн чогулуп аткан биздин жаш таланттарыбыз бири-бири менен достукту чыңдап, бийик өнөргө жакындап, өздөрүнүн талант тажрыйбасы менен бөлүшүп келүүдө. Быйыл Теңир-Тоодон жанган эки жылдыз Тамара Жумакаева менен Таттыбүбү Турсунбаеванын 70 жылдыгы белгиленет экен. Ушул жаркын жылдыздарыбыздын учугун улап, чырпыгын чынар кылчу бүгүнкү биздин жаш таланттар деп ойлойм. Биздин фестиваль жылда Улуу Ата Мекендик согуштун жана ооруктун ардагерлерин чогултат. Демек биздин фестиваль жаңы муун менен улуу муунду бириктирген өзүнчө бир алтын көпүрө болуп келе жатат.

Өз сөзүндө жогорудагыларды белгилеген Гүлмира Мамбеталиева кашык канын аябай ок аралап, кан кечип биздин турмушубузду жана жаркын, бакубат келечегибизди камсыздап берген жоокер аталарга таазим кылып, келе жаткан Улуу Жеңиш майрамы менен куттуктап узак өмүр, бактылуу карылык каалоо менен бирге белектерди жана 5 миң сомдон акчалай сыйлык тартуу кылды. Ошондой эле келе жаткан китепканалар күнүнө карата Нарын облустук, райондук, шаардык китепканалардын жана Нарын мамлекеттик университетинин илимий китепканасынын өкүлдөрүнө баалуу китептерди, саат жана 5 миң сом өлчөмүндөгү акчалай белектерди тапшырды.

Ошентип театр ичин шаңга бөлөгөн жаш таланттардын концертинен кийин толкундануучу салтанаттуу мүнөттөргө да кезек келип жетип, жеңүүчүлөр аталып, сыйлыктар ыйгарылды.

Кароо-сынактын баш байгесин Бишкек шаарындагы балдардын искусство мектебинин окуучусу Алтынай Жусупова вокал жанры боюнча жеңип алып, атайын диплом жана плазмалык телевизор менен сыйланды.

Ал эми биринчи орунду манас айтуу жанры боюнча Нарын шаарынан Эсенбек уулу Таалайбек, дастан айтуу боюнча Ат-Башы районунан Казакбай уулу Абдылдабек, ыр жанры боюнча Нарын шаарындагы Ж.Шералиев атындагы искусство мектебинин хору, улуттук аспаптар боюнча Кочкор районунун ансамбли, бий боюнча Кочкор районунун «Сезим» бийчилер тобу камсыздаса; экинчи орунга манас айтуу боюнча Ат-Башы районунан Турусбек уулу Жанболот, дастан боюнча Кочкор районунан Замир кызы Динаркан, ыр боюнча Нарын шаарынан Кубанычбек уулу Бекжан, бий жанры боюнча Нарын шаарынан «Наристе» бий тобу, улуттук аспаптарда ойноо боюнча Ат-Башы районунан Авасбек уулу Рысбек татыктуу болушту. Ошондой эле үчүнчү байгелүү орунду манас айтуу жанры боюнча Ат-Башы районунан Кубанычбек уулу Бексултан жана Жумгал районунан Аскарбек уулу Бектур, дастан айтуу боюнча Нарын районунан Бактыгул кызы Раниера жана Ак-Талаа районунан Жыргалбек уулу Айбек, ыр боюнча Кочкор районунан Элис уулу Кубат жана Нарын районунан Эшпаев Алмаз, бий боюнча Нарын шаарынан «Камбаркан» жана Ат-Башы районунан «Керемет» бий топтору, улуттук аспаптарда ойноо боюнча Нарын районунан «Атай» фольклордук тобу жана Кочкор районунан Акылбек уулу Данияр камсыз кылды. Алдынкы орундарды багындыргандарга 1-2-3-даражадагы дипломдор менен баалуу сыйлыктар тапшырылды. Мындан сырткары бардык катышуучуларга жана сынактын катышуучуларынын көркөм жетекчилерине Ардак грамоталар, ыраазылык каттар, кызыктыруучу сыйлыктар ыйгарылды.

Быйылкы өнөр майрамына жергиликтүү бийлик өкүлдөрү тарабынан да өзгөчө көңүл бурулуп, таланттуу балдарга Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн атайын байгеси коюлду. Сынактын жыйынтыгы менен ыйгарым укуктуу өкүлдүн баш байгесин (плазмалык телевизорду жана атайын дипломду) Нарын районунун А.Таабалдиев атындагы орто мектебинин алдындагы «Атай» фольклордук тобу жеңип алды. Ошондой эле бир катар өнөр ээлери жана калыстар тобунун мүчөлөрү Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгүнүн жана Нарын райондук мамлекеттик администрациясынын Ардак грамоталары, дипломдору жана баалуу белектери менен сыйланышты.

-Бул өнөр майрамы жыл сайын үзгүлтүксүз уюштурулуп келатканы менен көңүл кубантат, -дейт «Манас-мурас» коомдук фондунун жетекчиси белгилүү манасчы Рысбай Исаков. -Ийгиликтер ошон үчүн жаралып атат деп ойлойм. Балдар биротоло көнүп калышыптыр. Манасчылар дагы дымактуу, жылда катышып тажрыйба алып калгандары бар экен. Жаңы катышып аткандары да бар дегендей. Балдардын ичинен чоң манасчылар чыгаар чыкпасын айта албайм. Себеби болочокту болжоп болбойт да. Булар азыр жумурткадан жаңы чыга келген балапандай болуп турган кези. Азыр бирөө жарымына ык коюп баалаш кыйын. Анткени бардыгы кызык көрүнүп турган учур балдарга. Бир гана нерсе манасчылыкта устат күтүү маселеси жетишпей жаткандай. Ушул жагы колго алынса балдардын келечеги кең болот деп ойлойм.

Кароо-сынактын жүрүшүндө катышуучулардын бир катарына кайрылганыбызда көпчүлүгү «Жаш таланттар» кароо сынагын жыл бою даярданып күтүшөөрүн билдиришти. Өзү теңдүүлөр арасында талант дараметин сынап көрүү, башка аймактардан дос күтүү, жан дүйнөсүндөгү талантын эл алдына алып чыгуу үчүн бул сынак мыкты мүмкүнчүлүк экенин айтышты. Ошону менен катар жаш жеткинчектер сынактын кызыктыруучу, баалуу сыйлыктары да аларга чоң демөөр болоорун жашырышкан жок.

Бир гана сайтта катталгандар пикирлерин жаза алат. Эгер катталган болсоңуз, анда аккаунтуңузга кириңиз.
катталгандар гана колдонуучулар "ЖМКларга даттанууларды териштирүү комиссиясына" арыздана алат. Эгер сиздин аккаунтуңуз бар болсо, анда кириңиз.

Азырынча бир да пикир жок...