Акыркы макалалар

Текебаев: Тышкы саясатта «Бечелге жѳтѳлдүн эмне кереги бар?»

Текебаев: Тышкы саясатта «Бечелге жѳтѳлдүн эмне кереги бар?»

- Алмазбек Атамбаев Түркия Орусия учагын атып түшүргѳнүн сынга алды, президенттин бул билдирүүсүн кандай баалайсыз?

- Бизде тышкы саясатты жүргүзгѳндѳ жазылбаган, айтылбаган эрежелер болуш керек. Мен аны бир сѳз менен айткым келет «Бечелге жѳтѳлдүн кереги эмне?» деп. Биз ѳзүбүздүн позициябызды айтсак эки ѳлкѳнүн бири капа болот. Эгер чындыкты айтсак экѳѳ тең капа болот. Ошондуктан бул маселеде ѳзүбүздүн позициябызды аяр, мүмкүн болсо айтпаганга аракет кылыш керек эле. Ал эми бул иште ЖККУнын жыйыны ѳзүнүн расмий ой-пикирин дагы айтты. Президент Атамбаев болсо чындыкты айтты. Бирок, менин жеке пикиримде мындан кийин «Бечелге жѳтѳлдүн кереги эмне?» деген позицияны карманышыбыз керек. Ошол эле Кыргызстанга түздѳн-түз залакасын тийгизбей турган Сирияда, Украинада болуп жаткан окуялар боюнча. Ал эми Түркия боюнча ѳлкѳ башчы ѳз сѳзүн айтты эми ошого жараша тышкы саясатты жүргүзүшүбүз зарыл.

- Орусия Нарын дарясына курула турчу ГЭСтерди ишке ашыра албай калганын Алмазбек Атамбаев билдирген. Бирок, кийин Орусия тарап жооп кайтарып бул долбоорлорго чекит коюла электигин айтты. ГЭСтерди Орусия тарап кура алабы?

- Ал сүйлѳшүүлѳр тууралуу азырынча кабар жок. Бирок, биз финансылык кѳз карандысыздыкка жетиш үчүн, экономикалык кѳз карандысыздыкка жетишишибиз керек. Биздин экономикабыз Орусия менен Казакстандын экономикасына түздѳн-түз байланышкан. Эгер аларда кризис болсо бизде дагы кризис болот. Дүйнѳдѳ нефтинин баасы түшсѳ, биз нефти ѳндүрбѳгѳнүбүз менен анын таасири Кыргызстанга дагы тийет. Тескерисинче нефтинин баасы түшсѳ бензин арзандап бизге жакшы болот эле. Бирок, нефти ѳндүргѳн мамлекеттей болуп эле нефти арзандаса экономикабыз начарлап жатат. Ошондуктан нефтинин баасы түшпѳй 5-6 жыл Орусияда экономикалык абал жакшы болуп турса Кыргызстанда чоң ѳзгѳрүүлѳр болмок.

- Парламент ѳкмѳт сунуштаган 2016-жылдын бюджеттин жактырды. Бирок, тартыштык 22 миллиард сомдон ашат. Келерки жылы Кыргызстандын экономикалык абал кандай болот?

- Ачык айтышыбыз керек 2016-жылы экономикалык жагдайыбыз кыйын болот. Коңшу ѳлкѳлѳрдѳ кандай кырдаал болбосун бизге таасирин тийгизет. Ошону менен бирге биз экономикалык кѳз карандысыздыкка жетише элекпиз. Кытайдан Кыргызстан аркылуу Жакынкы Чыгышка ѳтүүчү темир жол тууралуу кѳп жылдан бери сѳз кылып келе жатабыз. Эгер жакшы иштесек куруп бүтүп коймокпуз, бирок 4 жыл кармалды. Эми быйыл кайра ал долбоор жандандырылып баштады. Эгер бул темир жол курулуп калганда биздин экономикалык эркиндигибиз кеңейет эле. Орусия менен Казакстанды карап отурбай жакынкы чыгыштан нефти продуктуларды арзан ташып келмекпиз. Менин оюмча биз коммуникациялык, соода экономикалык кѳз карандысыздыкка жетишсек, ошонун жыйынтыгында биз саясий жактан да башкаларга кѳз карандысыз болобуз. Ошондо гана анан регионалдык пикир келишпестиктер болсо биз чындыкка дал келген пикирибизди айтсак болот. Азыр болсо биз тилекке каршы кимге кѳз каранды болсок аларга кѳбүрѳѳк жакканга аракет кылып ошого жараша иш кылып жатабыз.

- «Ата Мекен» партиясы буга чейин «Кумтѳрдү» улутташтыруу керек деп келген. Азыр деле ошол позициядабы?

Биз азыр деле ушул позицияны карманабыз. «Центерра» ѳзүнүн стратегиясын, ыкмасын жашырган эмес. Алардын мындан ары дагы болгон стратегиясы Кыргызстандын байлыгын талап-тоноп алып кете берүү. Ыкмасы болсо бүгүнкү күнкү эрежени мүмкүн болушунча кѳпкѳ чейин ѳзгѳртпѳй туруу. Кандай жол менен алар максатына жетип жатат? Алар сүйлѳшѳт, Кыргызстан кабыл албай турган шарттарды коет, сүйлѳшүү жакшы болбой калды, кайра башынан башташ керек деп жатып 5 жылдан бери келе жатабыз. Дагы 5 жыл алар менен сүйлѳшсѳк ал жерде алтын калбай калат. Анда улутташтыруунун дагы зарылчылыгы жок болуп калат. «Центерра» болсо максатына жетүү үчүн аракет кылып жатат. Ал үчүн ММК баары сатылып алынган. КТРК жана ЭЛТРден баш болуп «Центерранын» ырын ырдашат. Саясий серепчи дегендерибиздин баары «Центерраны» колдошот.

- Ѳкмѳт «Центеррага» «Кумтѳр» боюнча келишилген сүйлѳшүүдѳн чыгаарын билдирди. Эми алар Парламентке кандай сунуш бериши мүмкүн? Ошол эле учурда экологиялык чыгымдар тууралуу эмне айта аласыз?

- «Центерра» Кыргызстанга орду толгус зыяндарды алып келип жатат. Кыргыз ѳкмѳтү кѳрмѳксѳнгѳ салып, «Центерра» болсо жыл сайын мѳңгүлѳрдү талкалап, анын алдында жаткан алтынды казып алууда. 2012-жылга чейинки гана убакытты алсак «Центерра» 88 миллион куб метр мѳңгүнү мыйзамсыз талкалаган. Мындай бүтүмдү мамлекеттик комиссия чыгарган, ал комиссиянын башында Темир Сариев ѳзү турган. Ал эми келтирилген зыяндын баасы 5 миллиард доллар жеткени 2012-жылы белгилүү болгон. Андан бери жылына 15 куб метр мѳңгүнү мыйзамсыз талкалап келе жатышат. Анын кѳлѳмү жыл сайын ѳсүп барууда. Эми болсо алар бизге талап коюп жатат бизге мѳңгүлѳдү талкалоону мыйзамдаштырып, суу кодексине ѳзгѳртүү киргизип бергиле деп. «Кумтѳр» алтынды мѳңгүнү талкалап үстүнѳн казууну кѳздѳп жатат. Ал эми «Кумтѳрдү» улутташтырунун эң оңой жолу бул «Центерранын» экологияга тийгизген зыянын эсебинде гана алып коюуга болот.

- Акыйкатчыны шайлоо эмдиги жылга калды. Бул кызмат ордуна татыктуу адам жокпу же саясий оюндар болуп жатабы?

Жогорку Кеңештин ѳткѳнкү чакырылышында 10, 15 депутат бар болчу. Алар элим-жерим деп сүйлѳп коюшканы менен 500 доллардан 1500 долларга чейин акча алып кандай гана чечим болбосун добуш беришет эле. Ѳткѳндѳ омбудсмен шайланып жатканда ЖКда ошол 15 депутатты сатып алып, кимдерге кайсы кабинетте акча таратылганын баарыбыз билебиз. Акыйкатчы болом деген адамдар орунду ошентип сатып алып жатышса анда алар адам укугун коргоо үчүн эмес, ѳз кызыкчылыгы үчүн кызмат кѳксѳп жаткандар. Коалициянын келишими дагы бар эле, ар бирибиз талапкерлерди жылдырабыз эгер 2-турга кимдикки ѳтсѳ аны колдоп беребиз деген. Ошентип эң аз мандаты бар «Ата Мекен» фракциясынын талапкери ѳтүп кетти. Бирок, сѳздѳрүнѳн айнып 2-турда колдобой коюшту. Бул окуя коалициялык кѳпчүлүктѳ маселе бар экенин кѳргѳздү. Бирок, коалициянын келечегине шек келтире турганчалык каршылашуу эмес десек болот.

Түп нускага шилтеме : maralfm.kg

Бир гана сайтта катталгандар пикирлерин жаза алат. Эгер катталган болсоңуз, анда аккаунтуңузга кириңиз.
катталгандар гана колдонуучулар "ЖМКларга даттанууларды териштирүү комиссиясына" арыздана алат. Эгер сиздин аккаунтуңуз бар болсо, анда кириңиз.

Азырынча бир да пикир жок...