Акыркы макалалар

КРнын кинематографисттер кеңешинин жаңы төрагасы шайланды

Бишкекте КРнын кинематографисттеринин 22-съезди болуп, анда КРнын кинематографисттер кеңешинин жаңы төрагасы болуп Таалайбек Кулмендеев шайланды. Бул тууралуу КРнын маданият, маалымат жана туризм министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

КРнын кинематографисттер кеңеши – ыктыярдуу коомдук бирикме катары түзүлгөн коммерциялык эмес уюм болуп саналат. Жобо менен аныкталган максатка жетүү үчүн киноискусство жаатында жалпы кызыкчылыктардын негизинде түзүлгөн. Кинематографисттер кеңешинин негизги милдети Кыргыз Республикасынын улуттук киноискусствосун өнүктүрүү, кино ишмерлеринин чыгармачыл, профессионалдык, социалдык идеологиясынын эркиндигин коргоо болуп саналат.

КРнын кинематографисттер кеңеши 1958-жылы түзүлгөн жана 7 адамдан турган, анын башында прозаик, котормочу Михаил Аксаков болгон. КРнын кинематографисттеринин уюмдаштыруу съезди 1962-жылы 24-октябрда болгон. Бул учурда кеңешке 33 адам кирген. 1991-жылы Көз карандысыздыкты алганга чейин уюм СССР кинематографисттер кеңешинин курамына кирген. 1999-жылы кеңеш сапаттуу кино тартууда колдоо көрсөтүүгө жана өлкөлөр аралык маданий сүйлөшүүлөрдү бекемдөөгө багытталган коомдук бирикме болуп калды.

Белгилүү кыргыз жазуучусу Чынгыз Айтматов аталган кеңешке 25 жыл аралыгында башчылык кылган.

Түп нускага шилтеме : kabar.kg

Бир гана сайтта катталгандар пикирлерин жаза алат. Эгер катталган болсоңуз, анда аккаунтуңузга кириңиз.
катталгандар гана колдонуучулар "ЖМКларга даттанууларды териштирүү комиссиясына" арыздана алат. Эгер сиздин аккаунтуңуз бар болсо, анда кириңиз.

Азырынча бир да пикир жок...