Акыркы макалалар

2-Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары 2016-жылдын уникалдуу долбоору болот

2-Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары 2016-жылдын уникалдуу долбоору болот

КРнын жаштар, дене-тарбия жана спорт боюнча мамлекеттик агенттигинин жетекчиси Шейшенкул Бакировдун айтымында, оюндарга катышуу үчүн чакыруулар көчмөндөргө тиешеси бар мамлекеттерге жана түрк тилдүү өлкөлөргө жөнөтүлөт. Ошондой эле Үчүнчү Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары башка мамлекетте өткөрүү боюнча пландар бар. Мунун баары экинчи оюндар учурунда чечилет. Жакынкы убакта таймаштардын жеңүүчүлөрү үчүн медальдардын эскиздерин даярдоого тендер жарыяланат.

Оюндарга 25-30 мамлекеттин катышуусу күтүлүп жатат. Расмий тизмеге спорттун 15 түрү кирди. Бул жылы спорттун расмий катталган түрлөрүнө салбуурун боюнча таймаштар (бүркүт салуу, тайган жарыш, жаа атуу) кошулган. Адистердин пикиринде, улуттук оюндардын атасы болуп аңчылык эсептелет.

“Салбуурун” федерациясынын президенти Алмазбек Акунов мелдеш катары киргизилгенден кийин жоопкерчилик чоң экендигин айтат. Анын айтымында, бүгүнкү күндөн баштап даярдыктар башталды.

Экинчи Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарына күрөш боюнча 1-көчмөндөр оюндарынын жеңүүчүсү Нурбек Кожобеков расмий түрдө старт берди. Ал мындай масштабдуу иш-чараны ачып берүү үчүн атайын комитеттен тандалып алынган. Балбан Нурбек Кожобеков бул көчмөндөр оюндарында Кыргызстан эки эмес, бир эле команда коё тургандыгын эскертип, даярдыкка өзгөчө көңүл буруу керек экендигин кошумчалап кетти.

Бүткүл дүйнөлүк көчмөндөр оюну – жаңы форматтагы уникалдуу долбоор, иш-чара 2016-жылы сентябрда Ысык-Көлдүн жээгинде экинчи жолу өткөрүлөт.

Жаңы жылды майрамдоонун алдында 2015-жылды узатып жатып, Кыргызстандын эли жана коноктор эң маанилүү окуянын күбөсү болушат. Белгилүү болгондой, көчмөндөр оюнун өткөрүү тууралуу демилге биздин Президент Алмазбек Атамбаевге тиешелүү, демилге 2012-жылы Бишкекте өткөн Түрк тилдүү мамлекеттердин кызматташтык кеңешинин саммитинин алкагында Азербайжан, Казакстан жана Түркия өлкө башчылары тарабынан колдоого ээ болгон. Кыргызстан көчмөн элдердин жалпы салт-санаасын, маданий мурасын сактап калууга чоң салым кошту.

Ошондой эле, 2014-жылы Кыргызстан биринчи жолу Бүткүл дүйнөлүк көчмөндөр оюнун өткөргөн. Иш-чара Кыргызстанда гана эмес, аймактагы эң масштабдуу окуя болгон. Мунун уландысы катары Түрк кеңешинин өлкөлөрүнүн колдоосу менен үстүбүздөгү жылы туруктуу орду Ысык-Көл облусу болгон Көчмөн цивилизация борбору түзүлгөн. Оюндардын ачылышына Түрк тилдүү мамлекеттердин кызматташуу кеңешинин өлкө башчылары катышат. Катышуучулар үчүн "Манас" аба майданын эле эмес, Ысык-Көлдөгү "Тамчы" аэропортун да пайдалануу каралууда.

Экинчи дүйнөлүк көчмөндөр оюндарында ипподром реконструкцияланып, негизинен унаа токтотуучу жай кеңейтилет. Ачылыш салтанаты былтыркыга караганда шаан-шөкөттүү болот. Буга карата оюндарды өткөрүүгө бюджеттен алты миллион доллар каралууда.

Мындан сырткары, Көчмөндөр оюндарына карата Чолпон-Ата шаарында 10 миң көрүүчүгө ылайыкталган жаңы атмайдан жана “Газпром” ишканасы тарабынан спорт комплекси курулаары маалым болду.

Автор: Илгиз Жамалбеков

Түп нускага шилтеме : maralfm.kg

Бир гана сайтта катталгандар пикирлерин жаза алат. Эгер катталган болсоңуз, анда аккаунтуңузга кириңиз.
катталгандар гана колдонуучулар "ЖМКларга даттанууларды териштирүү комиссиясына" арыздана алат. Эгер сиздин аккаунтуңуз бар болсо, анда кириңиз.

Азырынча бир да пикир жок...