Акыркы макалалар

Кореяда бизнес ачам десең, 100 миң долларың болушу керек

Кореяда бизнес ачам десең, 100 миң долларың болушу керек

үштүк Кореяга мигрант болуп кетип жаткан мекендештердин саны жыл сайын өсүүдө. Мындан улам, Түштүк Кореянын миграциялык саясаты, инвесторлорго мамилеси жана ал жакта эмгектенген мекендештерибиз тууралуу Кореянын кичи жана орто бизнес федерациясындагы Кыргызстандын өкүлү Кадыралиева Гүлзара “Марал” радиосуна маек куруп берди. Мекендешибиз аталган федерацияда Контракттык негизде эмгектенгени барган кыргызстандыктар менен иш алып барат.

Корей тили жана эл аралык мамилелер боюнча билим алган кыргызстандыктар көп

Мен негизинен Кореяга иштегени келген мигранттар менен иш алып барам. Бирок менин билгеним боюнча көпчүлүк студенттер “корей тили” же “эл аралык мамилелер” факультетинде окушат. Албетте, алардын окууну аяктап Кореяда карьерасын улантууга мүмкүнчүлүктөрү кенен. Диплом алып, жумуш таап кирген студенттерге ишкана өзү жумуш визасын ачып бере алат.

Атаандаштыктын айынан билим алуунун деңгээли жогору

Кореянын билим берүү системасы Кыргызстандын системасынан айырмаланып турат. Кореянын калкынын саны 50 миллиондон ашуун. Бул жерде атаандаштык абдан күчтүү, жаңы технология өтө өнүккөн. Ошондуктан ар бир корей үй-бүлөсү балдарынын билим алуусуна өзгөчө көңүл бурушат. Алар балдарынын кичинекей чагынан тарта эле алардын билим алуусуна инвестиция жасашат.

Көчөдө ойноо деген жок, күнү-түнү окуу жана окуу... Мектеп окуучулары жакшы окуп, Кореянын эң мыкты жогорку окуу жайларына тапшырганга умтулушат. Аны буткөн студент Кореядагы, дегеле дүйнөдөгү ири Samsung, LG, Hundai, Deawoo, ж.б. компанияларга ишке кирүүгө мүмкүнчүлүк алышат. Бирок мындай окуу системасынын терс тарабы да бар. Анткени жаш балдар арасында суицид жасоо жыл сайын өсүүдө. Буга жаш балдардын стресске кабылып жатканы себеп болот.

Түштүк Кореяда 5 миңдей кыргызстандык бар

Түштүк Кореяда официалдуу түрдө 3000ден ашуун Кыргызстан жарандары бар. Ал эми официалдуу эмес маалымат боюнча 5000 ден ашат. Кореяда эмгектенген мекендештерибиздин көпчүлүгү өндүрүш жана курулуш тармактарында иштешет. Бул өлкөдө орто жана чакан ишканалар көп болгондуктан, жумушчу күчүнө муктаждык жогору.

Түштүк Кореяга жумуш визасы 4 жыл 10 айга берилет

Түштүк Кореянын жумушка орноштуруу боюнча уруксат системасынын негизинде 15 өлкөдөн атайын жумушчулар келишет. Кыргызстан менен Кореянын ортосунда эмгек келишими 2008-жылы түзүлгөн. Ошондон баштап Кыргызстандан жумушчулар келип баштаган. Кыргызстандан келген жумушчулар үчүн виза 4 жыл 10 айга берилет. Негизинен заводдордо иштегендиктен алар жатакана жана тамак-аш менен камсыздалат. Ал эми минималдуу маяна 1000 доллардан ашат.

Мыйзамдуу иштеген мигранттардын укуктары корголот

Кореянын миграция саясаты башка өлкөлөргө караганда (АКШ, Европа) жаш деп айтса болот. Мигранттар менен жүргүзгөн иштери эми көрүнүп жатат. Мыйзамдуу түрдө иштеген чет элдиктерге Кореянын өкмөтү жардам берет жана укуктарын коргойт. Ал эми өлкөгө мыйзамсыз кирип, иштеп жаткандарга канча жылдык эмгегине карабай виза берилбейт.

Жумуш таап орношууда Кореянын Эмгек Министрлигинин астында ишке орноштуруучу борборлор жардам көрсөтүшөт. Ал эми виза маселеси менен иммиграция борбору алектенет. Мигранттар кабылган кыйынчылыктар да бар, алар өзгөчө тил жагынан кыйналышат.

Кореяда бизнес ачам десең, 100 миң долларың болушу керек

Кореяда инвесторлорго жакшы эле шарттар түзүлгөн. Бул өлкөдө компания ачууну көздөгөн, сырттан келген инвесторлордун эң аз дегенде 100 миң доллар акчасы болушу керек. Ал эми ал инвестицияны иштетип баштаганда өлкөгө салык катары анын 10%ын төлөп туруусу зарыл. Инвесторлорго атайын виза берилет. Белгилүү бир убакыттан кийин туруктуу жашоого уруксат алса болот.

Чакан ишкана ачып иштеген мекендештерибиз бар. Бирок өтө аз санда. Ошого карабастан, товар жана унааларды бир гана Кыргызстанга эмес, башка өлкөлөргө да экспорттоп иш жүргүзүшөт.

Түштүк Кореядагы кыргызстандыктардын коомдук бирикмелери

Учурда Түштүк Кореяда кыргызстандыктар тарабынан негизделген коомдук уюмдар көп. “Максат” борбору, “Кыргызстан” борбору, “Биримдик” уюму, “Аманат” фонду, “Түштүк Кореядагы бактылуу кыздар” тобу ж.б бирикмелерди мисал кылсак болот. Бул коомдук уюмдар мекендештерибизге көптөгөн жардамдарды беришет. Ар кандай иш чараларды өткөзүп турушат. Мисалы, кайрымдуулук иш чаралары, жетим балдарга, жер титирөөдөн жабыр тарткандарга жардамдар көрсөтүлүп келет. Айрыкча Нооруз, эгемендүүлүк, Жаңы жыл майрамдарында кыргызстандыктардын жолугушуулары да уюштурулат.

Кыргызстандын маданиятын корей мектептеринде, бала бакчада окуучуларга үйрөтүп иштешет

Түштүк Кореяга турмушка чыккан кыздар тууралуу айтсак, бул жакта “Түштүк Кореядагы бактылуу кыздар” тобу бар. Тактап айтканда кыздар ушундай топ түзүшүп, бир-бирине ар тараптуу жардамдарды көрсөтүшөт. Чогулуштарда ар кандай маселелерди чечишип, бири-бирине жардам берип турушат. Айрыкча, Кореянын мамлекеттик мекемелеринде (Эмгек министрлигинин алдында, мэрияда) иштеген, жолдоштору менен чакан бизнестерди ачкан кыздарыбыз да бар. Ошондой эле айрымдары Кыргызстандын маданиятын корей мектептеринде, бала бакчада окуучуларга үйрөтүп иштешет. Бул жакта турмушка чыккандардын көпчүлүгү үй-бүлө, бала-чакалары менен бактылуу жашашат.

Ушундай жашоого жетпей жүргөндөр да бар эмеспи, аны айтпасак деле белгилүү. Жашоодо ар кандай жагдайлар болот. Бул маселенин экинчи тарабын карай турган болсок, Кыргызстандан Кореяга келээрде башка пландар менен келип, келгенден кийин күйөөсүнөн качып кетип калгандар да болгон. Же болбосо жакшы турмуш куруп кетем деп келип, үй-бүлөдөгү келишпестик, түшүнбөстүктөн улам ажырашкан кыздардын тагдырларын да угуп жүрөбүз.

Автор: Орозгүл Арстанова

Түп нускага шилтеме : maralfm.kg

Бир гана сайтта катталгандар пикирлерин жаза алат. Эгер катталган болсоңуз, анда аккаунтуңузга кириңиз.
катталгандар гана колдонуучулар "ЖМКларга даттанууларды териштирүү комиссиясына" арыздана алат. Эгер сиздин аккаунтуңуз бар болсо, анда кириңиз.

Азырынча бир да пикир жок...