Акыркы макалалар

Ташиев кеминде беш жылга шарттуу түрдө кесилип, депутаттык мандатынан ажыратылышы мүмкүн экен

3-октябрда бийликти мыйзамсыз басып алууга аракет жасаган деген шектин негизинде абакта жаткан үч «төңкөрүшчүнүн» бири Камчыбек Ташиев кечээ үй камагына чыкты. Бул тууралуу «Агым» гезити жазууда.

Ал декабрга чейин эч жакка чыкпастан, чакырган убакта тергөө органдарына барып турушу керек. Ак үйдөгү күбүр-шыбырларга караганда, Камчыке кеминде беш жылга шарттуу түрдө кесилип, депутаттык мандатынан ажыратылышы мүмкүн экен. Мындай версиялардын канчасы чын чыгарын убакыт көрсөтөр.

Бир гана сайтта катталгандар пикирлерин жаза алат. Эгер катталган болсоңуз, анда аккаунтуңузга кириңиз.
катталгандар гана колдонуучулар "ЖМКларга даттанууларды териштирүү комиссиясына" арыздана алат. Эгер сиздин аккаунтуңуз бар болсо, анда кириңиз.

Пикирлер

  • Руслан @ 03.11.2012 @ 18:32

    Чын журоктон бары бир!

  • Айдай @ 07.11.2012 @ 13:57

    Мыйзамдын "көзун" карегиндей сактайм деген мыйзамчынын кылар иши ушул болсо, буга окшогон жулкунбайлардын акесин түрмө деген эс алуу жайы- сазайын берсин.Кыларын кылып алып, уялбастан "мен күнөөлүү эмесмин" деп танып кеткени курусун!Жакшы эле чыгарып жиберели деп Башпрокуратура аракет кылып ,Первомайскиден "отзывать" этейин деди эле, президент бирөө-жарымынын башына "каңк" деп коюп жиберди эле, кайра Өтүнүчүн ала коюшту.Ырас мыйзам буйлаланган төөдөй ары-бери калчана берсе, келгиле светтик мамлекет экенибизди чийип коюп, шарыят мыйзамы менен жашайлы.Мыйзам бечерага гана иштеп жатат.Эми уу-дуу кеп кетти,Ташиевди шарттуу кесип, коё беришет деген.Сыртка чыгат да , Бабановго кошулуп алып, Жаныш менен Максимден "ЦУ" алып, митингдин акесин таанытат.