Акыркы макалалар

Атамбаев президенттикке да, премьер-министрликке да барбайт

Атамбаев президенттикке да, премьер-министрликке да барбайт

Кыргызстанда 2017-жылы президенттик шайлоо өтөт.

Мен мындан ары президент да, премьер-министр да болбойм, деди Алмазбек Атамбаев жыл жыйынтыгын чыгаруучу маалымат жыйында.

Өлкө башчынын айтымында, ал эки жыл ичинде абдан чарчаган. Бирок мамлекеттин пайдасы үчүн иштей берерин улантат.

"Кимдир бирөө кумарга батып кетип тосмодон секирип өтүүгө аракет кылат. Мен өзүмдөн кийинки болчу президенттин корком, эч кимди да даярдаган жокмун", — деди Атамбаев.

Президент өлкөдө ачык-айкын парламенттик шайлоо өткөнүнө абдан ыраазы болгонун, оппозицияда жүргөн кезинде мындай шайлоо тууралуу абдан кыялданарын белгиледи. Мындан тышкары, Кыргызстан өткөөл мезгилден өтүп, эми туура багытта кетип бара жатканын кошумчалады.

"Биз бардык кыйынчылыктан өтөбүз. Болгону 2017-жыл гана тынчымды алат. Эгер президентти парламенттин шайлашы тууралуу сөз козголсо, эл мындай чечимди кабыл албайт", — деди ал.

Өлкөдө парламенттик шайлоо 2015-жылдын 4-октябрында өтүп, Кыргызстандын тарыхында биринчи жолу шайлоочулардын биометрикалык маалыматтары пайдаланылды. 2017-жылы өтө турган президенттик шайлоо да дал ушундай ыкма менен өтмөкчү.

Түп нускага шилтеме : sputnik.kg

Бир гана сайтта катталгандар пикирлерин жаза алат. Эгер катталган болсоңуз, анда аккаунтуңузга кириңиз.
катталгандар гана колдонуучулар "ЖМКларга даттанууларды териштирүү комиссиясына" арыздана алат. Эгер сиздин аккаунтуңуз бар болсо, анда кириңиз.

Азырынча бир да пикир жок...