Акыркы макалалар

Нарында Кыргыз ССРинин эл артисти Сейитказы Андабеков дүйнөдөн кайтты

Кыргыз искусствосу орду толгус оор жоготууга учурады. 2015-жылдын 23 декабрында 90 жаш курагында Кыргыз CCРинин эл артисти, Улуу Ата Мекендик согуштун ветераны, театр корифейи Сейитказы Андабеков дүйнөдөн кайтты.

С. Андабеков 1925-жылы 18-сентябрында Нарын областынын Ат-Башы районуна караштуу Кара-Коюн (учурда Казыбек) айылында малчынын үй-бүлөсүндө төрөлгөн.

Улуу Ата Мекениндик согушка 17 жаш курагында аттанып, майданда эрдиктерди, чыныгы патриоттуулугун көрсөтүп, жеңиш менен кайткан.

1946-жылдан Нарын облустук музыкалык драма театрында артисттик кесипти аркалагандан тартып, түркүн жанрдагы сансыз кейипкелерге жан киргизип, алардын оң жана терс таасирдүү мүнөздөрүнүн тереңдиктерин чечмелеп, көрүүчүлөрүлөргө жеткирип гана тим болбостон, нукура талантынын аркасында жубайы Кыргыз ССРинин эл артисти Койсун Карасартова менен биргеликте элдик фольклор жаатында да чоң ийгиликтерди жараткан. Алар биргеликте элге жагымдуу тамашалуу ырларды аткарып, ири-ири концерттерди беришкен.

С. Андабеков өзүнөн кийинки көптөгөн жаш талантарга улуу мурасчы, насаатчы катары багыт берип, тарибялап өстүргөн.

Кыргыз ССРнин эмгек сиңирген артисти (1964ж.), Кыргыз ССРнин эл артисти (1984ж.), Кыргыз ССРнин Жогорку Советинин 3 жолу «Ардак Грамотасы», "Эрдик медалы", Ата Мекендик согуштун 1-даражадагы ордени, "Манас" ордени, “Данакер” төш белгиси, Грамоталар менен сыйланган. Персоналдык пенсионер, Нарын шаарынын «Ардактуу атуулу» болуп саналат.

Кыргыз чыгармачыл интеллигенциясы, улуттук маданият жана искусство ишмерлери, кыргыз эли театр корифейи Сейитказы Андабековду эстен чыгарбайт. Ошону менен бирге маркумдун балдарына жана жакындарына көңүл айтып, кайгысына ортоктош болуп, азасын тең бөлүшөт.

Улуу артист Сейитказы Андабековду акыркы сапарга узатуу зыйнаты 2015-жылдын 25-декабрында саат 11-00дө Нарын областтык М. Рыскулов атындагы академиялык музыкалык драма театрында өтөт.

Түп нускага шилтеме : kabar.kg

Бир гана сайтта катталгандар пикирлерин жаза алат. Эгер катталган болсоңуз, анда аккаунтуңузга кириңиз.
катталгандар гана колдонуучулар "ЖМКларга даттанууларды териштирүү комиссиясына" арыздана алат. Эгер сиздин аккаунтуңуз бар болсо, анда кириңиз.

Азырынча бир да пикир жок...