Акыркы макалалар

Бабановчулар Ак үй менен Көк үйгө «согуш» ачкысы келеби?

Аргымак чырынан улам башбакандыктан шыпырылган Өмүрбек Бабанов алгач радикал оппозиционер болом деп, кийинчерээк ал оюнан кайткандай болгон.

«Агым» гезитинин 2-ноябрда чыккан санында жазылгандай, ал түптөгөн партия Бишкек шаардык кеңешинин шайлоосуна катуу даярданып, катарына жалаң капчыктууларды кошуп алыптыр. Ошол эле маалда башкы атаандашы саналган КСДП менен өкмөт акени дүңүнөн «бомбалоону» пландап атканын кулагыбыз чалды.

Бизге жеткен маалыматка ылайык, партиянын борбордук штабында атаандаштарды, өкмөттү «сындырууга» багытталган «барбарос-планы» иштелип чыгыптыр. Анын негизинде жакын арада гезит, журнал, агенттик, радио-телевидение аркылуу «маалымат согушун» башташат экен, деп жазылган гезитте.

Бир гана сайтта катталгандар пикирлерин жаза алат. Эгер катталган болсоңуз, анда аккаунтуңузга кириңиз.
катталгандар гана колдонуучулар "ЖМКларга даттанууларды териштирүү комиссиясына" арыздана алат. Эгер сиздин аккаунтуңуз бар болсо, анда кириңиз.

Азырынча бир да пикир жок...