Акыркы макалалар

Өкмөт бүгүнтөн тартып "KG" номерден баш тартат

Өкмөт бүгүнтөн тартып "KG" номерден баш тартат

Министрлер кабинети ушул жуманын башынан тартып "KG" сериясындагы унаа номерлерин пайдалануудан баш тартат. Мындай чечим өкмөттүн аппарат жыйынында кабыл алынды.

Мындан тышкары премьер-министр Темир Сариев мыйзамдуу түрдө анын үй-бүлөсү үчүн бөлүнгөн унаадан баш тартты.

"Башында биринчи вице премьер-министр Аалы Карашев турган комиссия министрликтер менен ведомстволордун ишине талдоо жүргүзмөкчү. Анын жыйынтыгы менен ар бир ведомствонун кызматкерлеринин штаттык эсебин, унаалардын жана командировкаларга кеткен чыгашалардын эсебин оптимизациялоо маселеси каралат",-деп билдирди Сариев.

Түп нускага шилтеме : www.vb.kg

Бир гана сайтта катталгандар пикирлерин жаза алат. Эгер катталган болсоңуз, анда аккаунтуңузга кириңиз.
катталгандар гана колдонуучулар "ЖМКларга даттанууларды териштирүү комиссиясына" арыздана алат. Эгер сиздин аккаунтуңуз бар болсо, анда кириңиз.

Азырынча бир да пикир жок...