Акыркы макалалар

Медицинада улуттук маалымат базасы түзүлөбү?

Кыргызстанда дары-дармектердин жана медициналык жабдыктардын улуттук маалымат базасын түзүү боюнча аракеттер көрүлүп жатат. Бул туралуу вице-премьер-министр Камила Талиева түштүктөгү бардык саламаттыкты сактоо өкүлдөрү катышкан тегерек столдо билдирди.

“Анда ар бир жаран интернеттен же кол телефондон эле өлкөдө кайсы дары бар, баасы канча сом билип турат”,- дейт ал. Улуттук маалымат базаны түзүүдө Кыргызстан Түркиянын тажырыйбасын колдонот. Аны ошол мамлекеттеги биздин мекендешибиз, Сани Конукоглы атындагы медициналык борбордун жетекчиси, м.и.д. профессору Талант Батыралиев сунуштап жатат. Т.Батыралиев: «Менден өкмөт башчы Жантөрө Сатыбалдиев казынанын акчасын социалдык тармакта канткенде эффективдүү пайдалануу боюнча сураган. Мен Түркиянын тажырыйбасын айттым. Анткени аталган мамлекетте да улуттук маалымат базасы ишке киргизилгенге чейин абдан башаламан болчу. Азыр дүйнөдө эң сапаттуу жана арзан баадагы дары-дармек Туркияда. Андан сырткары, Европа мамлекеттеринде да бул программа иштейт. Биздин өлкөдөн атайын жумушчу топ барып, Түркиянын иш тажырыйбасын үйрөнүп келишти»,-деди. Алдын-ала божомолдор боюнча бул программаны киргизүүгө 3,5 млн АКШ долларынан ашуун каражат керектелет. Бул жагынан да түрк боордоштордун жардам берүүсү күтүлүүдө. Бул тууралуу өткөн жумада Түркиянын премьер-министри Режеп Тайып Эрдоган менен Ж.Сатыбалдивдин жолугушуусунда сөз болду. Эгерде каржы булагы чечилсе бул программа быйыл эле ишке ашып калуусу ыктымал. Улуттук маалымат базасынын түзүлүшү менен дарылардын баалары бардык аймакта бирдей баада сатылышы, аткезчиликке бөгөт коюлушу, дары компаниялардын атаандаштыгы, сапатсыз, мөөнөтү бүткөн дарылардын сатылуусуна тыюу салынышы жана башка бир катар артыкчылыктар болоору күтүлүп жатат.

ЗЫЙНАТ ИБРАЙИМОВА, ОШ

19.04.2013-жыл, №15

Бир гана сайтта катталгандар пикирлерин жаза алат. Эгер катталган болсоңуз, анда аккаунтуңузга кириңиз.
катталгандар гана колдонуучулар "ЖМКларга даттанууларды териштирүү комиссиясына" арыздана алат. Эгер сиздин аккаунтуңуз бар болсо, анда кириңиз.

Азырынча бир да пикир жок...