Акыркы макалалар

Ошто “Семетей” сейил багы толугу менен кайрадан оңдолду

Ошто “Семетей” сейил багы толугу менен кайрадан оңдолду

Ош шаарынын Манас-Ата кичи районундагы кароосуз калган “Семетей” сейил багы толугу менен кайрадан оңдолду. Жалпы аянты 8506 чарчы метр болгон сейил багынын тендердик баасы 2,5 млн сомду түздү. Бул тууралуу Ош шаарынын басма сөз кызматынан билдирди.

Жыртылган жерлер тегизделип, брусчатка басылып, түнкү жарыктандыруу чырактары, отургучтар, урналар, темир тосмолор, арыктарга лотоктор орнотулуп, иригация системасы жаңыланды.

Жергиликтүү тургундар менен жолугушуу Ош шаарынын мэри Айтмамат Кадырбаев шаардыктардын эс алуусуна ыңгайлуу шарттарды түзүү, мэриянын приоритеттүү багыттарынын бири экенин белгиледи.

“2016-жылы Ош шаарындагы бардык сейил бактар реконструкцияланып, жергиликтүү жашоочулардын эс алуусуна толугу менен ыңгайлуу шарттар түзүлөт. Быйылкы жылы шаарбыздагы 4 сейил багын толугу менен кайра оңдоп түзөөнү пландаганбыз. Учурда баары иш жүзүнө ашып, тургундарга пайдаланууга берилди. Алардын бири ушул “Семетей” сейил багы. Ошондой эле ушул жылы пайдаланууга берилген Ата-Түрк сейил багына элдердин эс алуусу менен катар ден соолуктарын чыңдоосу үчүн спорттук инвентарларды орноштурууну пландап жатабыз”,- деди калаа башчысы.

Түп нускага шилтеме : kabar.kg

Бир гана сайтта катталгандар пикирлерин жаза алат. Эгер катталган болсоңуз, анда аккаунтуңузга кириңиз.
катталгандар гана колдонуучулар "ЖМКларга даттанууларды териштирүү комиссиясына" арыздана алат. Эгер сиздин аккаунтуңуз бар болсо, анда кириңиз.

Азырынча бир да пикир жок...