Акыркы макалалар

Сузак районунун тургуну үнөмдүү от казанын ойлоп тапты

Сузак районунун тургуну үнөмдүү от казанын ойлоп тапты

Сузак районунун Бек-Абад айылынын тургуну Махамат Абдувахидов мектепти оңой жана ыңгайлуу жол менен жылытуучу үнөмдүү от казанын (котельный) ойлоп таап, аны Бабур атындагы орто мектепке орнотууу менен өз оюн ишке ашырып жатат. Бул тууралуу бүгүн, 15-декабрь күнү Жалал-Абадда өткөн маалымат жыйында өзү журналисттерге айтып берди.

Анын сөзүнө караганда, идея келип, бул отказандын үстүнөн 5 жылдан бери аракеттенип жүрөт. Мындан 6 ай мурун универсалдуу от казан жасашкан. Ал газ, мазут, көмүр, электр менен жылыта турган котелныйларга да кошумча иретинде түшө берет. Мурда бир мектептке күнүнө 1000 киловатт ток кетип жаткан болсо, жаңы ойлоп тапкан казанына 300 киловатт гана электр энергиясы менен ысытып, ошол 1000 киловатт берген жылуулук сарпталат. Махамат Абдувахидов жаны ойлоп тапкан от казанды мектепке орнотууга 2 миң доллар сарптаган. Жакында өзүнүн ойлоп тапкан от казанына автордук укук (патент) алуу үчүн тиешелүү органдарга кайрыла тургандыгын билдирди.

“Бабур мектебинде турган от казанды барып көрүп келдик. Чынында, ойлоп тапкан от казаны 2 миң киловатт квадрат метрлик аянттагы мектепти биз барганда 120 киловатт менен ысытып жатыптыр. Облустук бийликтин имаратынын 1-кабатын 120 кв менен ысыта албайсын. Аябагандай эффект жогору, бир жагын өчүрүп койсо, 80 киловатт менен иштеп калат экен. Мунун артыкчылыгы – бул жасаган 200 литрлик бочканын өтө калың жасалган, котелдун ичине кайнаган сууну айланта турган атайын курулма ойлоп таап, ошол жерге орнотуп койгон. Кайнаган суунун учуп кете турган жерин жаап коюшкан. Казандын ичиндеги курулма чирибесе эле, калган мектептин трубалары көпкө чейин алмашпайт”, - дейт Жалал-Абад мамлекеттик университетинин окутуучусу Абдусатар Досбаев.

Ал эми Сузак районундагы “Бабур” мектебинин директору Дилшод Кадиркуловдун айтымында, мектеп 1985-жылы кырылып, 35 жылдан бери мектеп жылыбай келген.

“Ойлоп табуучу М.Абдувахидов мектептин чоңдугун, системада суунун көлөмүнүн көптүгүн (8 тонна) эске алып, 160 киловатт электр энергия ысыта албаганын айтты жана ал мектепти ысытуу үчүн 300 киловатт электр энергия менен ысытууну эсептеп чыгарды. Натыйжада, анын жаңы ойлоп тапкан котелуна 150 киловатт электр энергия менен мектептин бардык системалары ысыды. Биз мектеп коолективи, ата-энелер М.Абдувахидовго ыраазычылык билдиребиз”-дейт мектеп директору Д.Кадиркулов.

"Бабур" мектебинде түзүлгөн комиссия мүчөлөрү текшерип чыгышып, кол койгон Актыга караганда, текшерүү учурунда М. Абдувахидовдун ойлоп тапкан от казаны 150 киловатт электр энергиясы менен 1 сааттын ичинде 48 градус жылуулук бергенин, мурдагы стандарт котелуна салыштырмалуу электр энергияны 3 эсеге аз сарптаганы лабораторияда текшерилген. Ошондон кийин гана анын жаңы ойлоп тапкан от казаны жактырылып, ошол от казан менен “Бабур” мектеби жылуулук менен камсыз болот деп акт түзүлгөн.

Түп нускага шилтеме : www.kabar.kg

Бир гана сайтта катталгандар пикирлерин жаза алат. Эгер катталган болсоңуз, анда аккаунтуңузга кириңиз.
катталгандар гана колдонуучулар "ЖМКларга даттанууларды териштирүү комиссиясына" арыздана алат. Эгер сиздин аккаунтуңуз бар болсо, анда кириңиз.

Азырынча бир да пикир жок...