Акыркы макалалар

Ушул жылы дүйнөдө 131 журналист каза болду

Ушул жылы дүйнөдө 131 журналист каза болду

2015-жылы дүйнөнүн 31 мамлекетинде жалпы 131 журналист каза болду. Мындай маалымат 14-декабрда Женевада айтылды.

Журналисттер кызмат учурунда эң көп каза болгон өлкө Сирия. Ал жерде жыл ичинде 11 журналист курман болушкан. Андан кийин Ирак жана Мексика турат. Франция, Ливия, Филиппин, Бразилия, Индия, Судан, Йемен да булардын катарында.

Изилдөөгө ылайык, журналисттер үчүн эң кооптуу аймак катары Жакынкы Чыгыш айтылган. Андан кийин Латын Америка жана Африка турат. 2006-жылдан бери дүйнөдө 1 177 журналист каза болду. Акыркы беш жыл ичинде эле Сирияда 84 журналист кыйноолорго кабылып, өлтүрүлгөн.

Түп нускага шилтеме : maralfm.kg

Бир гана сайтта катталгандар пикирлерин жаза алат. Эгер катталган болсоңуз, анда аккаунтуңузга кириңиз.
катталгандар гана колдонуучулар "ЖМКларга даттанууларды териштирүү комиссиясына" арыздана алат. Эгер сиздин аккаунтуңуз бар болсо, анда кириңиз.

Азырынча бир да пикир жок...