Акыркы макалалар

Ош окуясында майып болгон жоокер жардамга муктаж

2010-жылдын июнь айындагы каргашалуу Ош окуясынын кесепетинен КРнын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин (ӨКМ) республикалык өзүнчө куткаруу отрядындагы аскердик курамда кызмат өтөп жүргөн 1991-жылы туулган Акпарали уулу Жусупбек жардамга муктаж болууда.

Ага ок тийип, катуу жарадар болуп, 1-топтогу майып болуп күлгүндөй курагында коляскага олтуруп калган. Акпарали уулу Жусупбекке КРнын ӨКМи тарабынан бир канча жолу жардамдар берилгени менен бүгүнкү күнгө чейин басып кете алган жок. Ал тынымсыз даарылоого жана операцияга муктаж. Операция болсо Европа мамлекеттеринде (Италия) гана боло турганы аныкталып, ал үчүн ири суммадагы акча каражаты талап кылынууда. Жусупбектин атасы Акбарали Сейитов: “Балам кичине чагында эле аскер болом деп кыялданчу, кийин окууну бүткөндөн кийин жогорку окуу жайына тапшырганга чейин мекенге кызмат кылып, атуулдук милдетимди аткарып келейин деп өз каалоосу менен аскерге кеткен эле. Тилекке каршы максатына жетпей, майып болуп калды. Чет мамлекетке барып дарыланып, бутуна турса өз максатына жетээр эле, бирок бизде ага жетишээрлик каражат жок болуп жатат”,-дейт.

Сепаратисттер тарабынан атылган ок Жусупбектин жүлүнүнө жана өпкөсүнө кадалып өпкөсүндөгү ок бүгүнкү күнгө чейин алынбай турат. Ошондуктан, кырчындай курагында белинен төмөн жагы иштебей калган Жусупбекке колуңуздардан келсе колдоо көрсөтүп коюшуңуздарды өтүнөбүз.

ЗЫЙНАТ ИБРАЙИМОВА, ОШ

19.04.2013. №15

Бир гана сайтта катталгандар пикирлерин жаза алат. Эгер катталган болсоңуз, анда аккаунтуңузга кириңиз.
катталгандар гана колдонуучулар "ЖМКларга даттанууларды териштирүү комиссиясына" арыздана алат. Эгер сиздин аккаунтуңуз бар болсо, анда кириңиз.

Азырынча бир да пикир жок...