Акыркы макалалар

Бишкекте оор атлетика боюнча өспүрүмдөр таймашы өтүп жатат

Бишкекте оор атлетика боюнча өспүрүмдөр таймашы өтүп жатат

Бүгүн Бишкекте оор атлетика боюнча уландар жана кыздар арасында республиканын биринчилиги үчүн эки күндүк мелдеш башталды. Оордук көтөрүү таймашы 15 салмактык категорияда өтүп жатат. Таймашта алдыңкы орунду ээлегендер оор атлетика боюнча өлкөнүн курама командасына алынат. “Мелдештин башкы максаты Бишкекте өтчү Азия чемпионатына мыкты спортчуларды тандоо”,- дейт оор атлетика боюнча федерациянын вице - президенти Улан Молдодосов. Буга чейин Азиянын оор атлетика федерациясынын башкы катчысы Али Моради оор атлетика боюнча өспүрүмдөр жана чеберлер арасында Азия биринчилигин К.Кожомкул атындагы Спорт ордосунда өткөрүүгө макулдук берген. Мындай жогорку деңгээлдеги мелдешти уюштуруу өлкөдө оор атлетиканы өнүктүрүүгө оң таасирин тийгизет.

Бул материалды кененирээк аудио форматында http://www.maralfm.kg сайтынан уга аласыздар

Бир гана сайтта катталгандар пикирлерин жаза алат. Эгер катталган болсоңуз, анда аккаунтуңузга кириңиз.
катталгандар гана колдонуучулар "ЖМКларга даттанууларды териштирүү комиссиясына" арыздана алат. Эгер сиздин аккаунтуңуз бар болсо, анда кириңиз.

Азырынча бир да пикир жок...