Акыркы макалалар

Кыргызстандын парламентинде көзөмөлдөөгө алуу зарылчылыгы бар болгон маалымат булактарын аныктап чыгуу сунушталды

Кыргызстандын парламентинде көзөмөлдөөгө алуу зарылчылыгы бар болгон маалымат булактарын аныктап чыгуу сунушталды. Мындай сунушту КСДП фракциясынын депутаты Төрөбай Зулпукаров бейшемби күнү пленардык жыйындын жүрүшүндө билдирди.

«Биз кечээ ооруканада жаткан Кадыр Маликовго барып келдик. Анын чыныгы исламдын мыйзамдарын так билген кесипкөй экендиги баардыгына маалым. Белгилүү болгондой, анын оозун жабуу же коркутуу максатында кол салуу болгон. Өкмөт, укук коргоо органдары менен биргеликте жалпы өлкөдөгү диний коопсуздукту карап чыккыла!Интернет-булактарды көзөмөлдөө менен кайсы кызматтар алектенээрин аныктоо керек, бүгүнкү күндө эч ким өзүнүн коопсуздугуна ишене албай калды. Биз көзөмөлдөй турган маалымат-булактарын аныктап чыгуу керек», - деди депутат.

Түп нускага шилтеме : kyrtag.kg

Бир гана сайтта катталгандар пикирлерин жаза алат. Эгер катталган болсоңуз, анда аккаунтуңузга кириңиз.
катталгандар гана колдонуучулар "ЖМКларга даттанууларды териштирүү комиссиясына" арыздана алат. Эгер сиздин аккаунтуңуз бар болсо, анда кириңиз.

Азырынча бир да пикир жок...