Акыркы макалалар

Кыргызстан ФИФАнын рейтингинде 142 - орунда

 Кыргызстан ФИФАнын рейтингинде 142 - орунда

Апрель айындагы ФИФАнын рейтингинде Кыргызстандын футбол боюнча курама командасы 142 - орунга чыкты. 201 - орундан 59 орунга көтөрүлүү менен Кыргызстан апрель айында жогору карай чоң кадам жасады. Кыргызстан курама командасынын ийгиликтери АФКнын чакыруу кубогунун тандоо оюндарында Макао, Пакистан жана Тажикстан курама командаларын утууга жетишкендиги менен байланыштуу болду. Бул тууралуу “Марал” радиосуна футбол федерациясынын басма сөз катчысы Медер Сталбек уулу билдирди. "Рейтингде Кыргызстандан артта калган командалардын арасында 144 - орундагы коңшу Казакстандын командасы да бар. АФКга чакыруу кубогунда өткөн оюнда Тажикстан Кыргызстандан жеңилгени менен алар ФИФАнын рейтингинде 112 - орунда турушат" , - дейт Сталбек уулу. Буга чейин ФИФАнын рейтингиндеги Кыргызстан курама командасынын эң жогорку оруну 2006 - жылдын август айында 119 - орун болгон. Рейтингдин лидерлери болуп биринчи орундагы Испания, экинчи орундагы Германия, үчүнчү орундагы Аргентина курама командалары саналышат.

Бул материалды кененирээк аудио форматында http://www.maralfm.kg сайтынан уга аласыздар

Бир гана сайтта катталгандар пикирлерин жаза алат. Эгер катталган болсоңуз, анда аккаунтуңузга кириңиз.
катталгандар гана колдонуучулар "ЖМКларга даттанууларды териштирүү комиссиясына" арыздана алат. Эгер сиздин аккаунтуңуз бар болсо, анда кириңиз.

Азырынча бир да пикир жок...