Акыркы макалалар

Төө буурчактын өтүшүнө эл аралык саясый кырдаал кедергисин тийгизип жатат

Төө буурчактын өтүшүнө эл аралык саясый кырдаал кедергисин тийгизип жатат

Төө буурчактын өтүшүнө эл аралык саясый кырдаал кедергисин тийгизип жатат.

Бул тууралуу “Кабар” агенттигине КР Айыл чарба министрлигинин Азык-түлүк саясаты жана агромаркетинг Башкармалыгынын Башчысы Ж.Асылбеков билдирди.

Анын айтымында Кыргызстанда өндүрүлгөн төө буурчактын 70 пайызын түрк ишкерлери сатып алат. Бирок, Түркия менен Орусиянын ортосундагы түзүлгөн саясый кырдаал жеке ишкерлерге да таасирин тийгизип, алардын товарды мурдагыдай алып өтүүсү кыйындаптыр.

“Мурда төө буурчакты 20 фирма алып жаткан. Азыр алардын саны кескин азайып кетти. 4-декабрда 9 фирма 150 тонна алса, азыр 6 эле фирма алып жатат. Ушуга байланыштуу калктын кезек күтүп калуусу пайда болууда. Мисалы, 5-декабрда 80 тонна кабыл алынса, 6-декабрда 40 тонна кабыл алынды. Алар тазаланбаганын 33, тазасын 35 сомдон кабыл алышууда”,-деди ал.

“Бул убактылуу көрүнүш болушу мүмкүн. Ошон үчүн эл дагы көп чуу кылбай, түрк ишкерлерин чочутпай турса жакшы болот эле. Кичине эле ызы-чуу болгон жерге ишкерлер келбейт эмеспи. Ушуну эске алсак”,-деди Ж.Асылбеков.

Эскерте кетсек, Жогорку Кеңештин депутаты Д.Жумабеков кечээ Таласка барып келгенин, элдер төө буурчагын өткөрө албай күндөп-түндөп кезек күтүп калып жатышканынын ЖКда билдирип чыккан эле.

Түп нускага шилтеме : kabar.kg

Бир гана сайтта катталгандар пикирлерин жаза алат. Эгер катталган болсоңуз, анда аккаунтуңузга кириңиз.
катталгандар гана колдонуучулар "ЖМКларга даттанууларды териштирүү комиссиясына" арыздана алат. Эгер сиздин аккаунтуңуз бар болсо, анда кириңиз.

Азырынча бир да пикир жок...